KELECHEK
rek

Өзбекстанда кармалып турган кыргыз жарандары бошотулду

Өзбекстанда кармалып турган кыргыз жарандары бошотулду

Кечээ, 8-сентябрда түнкү саат 12де Аксы районундагы Үңкүр-Тоонун тактала элек жеринен Өзбекстан кармап кеткен төрт кыргыз жараны бошотулду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Алынган маалыматка караганда, кармалып тургандарды бошотуп жатканда Өзбекстан тараптан шарт коюлган жок. Барымтадан бошоп чыккан төрт жарандын айтып бергенине караганда, аларды кармап турган учурда кыйынчылык деле болбогон. Өзбек тарап аларды жакшы карап, жакшы мамиле жасашкан. Баарысынын ден соолугу жакшы.

- Эки мамлекеттин өкмөт башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында, ИИ министрлеринин жетекчилеринин аракети жана өкмөттөр аралык келишимдердин негизинде Өзбекстан менен Кыргызстандын Ала-Бука районунун “Баймак автодорожный” постунда Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Ж.Жоробеков, Жалал-Абад облустук чек ара кызматынын башчысы Замир Надырбеков, Ала-Бука районунун №2030 чек ара кызматынын башчысы Б.Жангазиев, жана Ала-Бука районунун МУУКнун башчысы, Өзбекстан Республикасынын Наманган ОИИБнын башчысы, Касансай РИИБнүн башчысы катышкан жолугушуу 3/3 форматында өттү. Чек ара кызматынын облустук жана райондук жетекчилери, облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болсун деп шарт коюлган экен. Ал жерге аталаган жетекчилер түнкү 11 ден 15 минута өткөндө өзбек тарапка кирип, 1 саатка жакын аралыкта сүйлөшүүлөр жүрдү. Мындан эки жума мурдагы сүйлөшүү да ушундай форматта өткөн. Кыргызстан тараптан: "жарандарыбызды кайтарып бергиле, калган маселелерди өкмөттөр аралык комиссия чечсин" деген талап коюлган.

Алдын ала маалымат боюнча кармалган 4 жаранга “чек араны мыйзамсыз бузуп өттү” деген берене менен кылмыш иш козголуп, акчалай жазага тартышлышыптыр. Соттун чечими чыгыптыр. Жолгушууда жүргүзүлгөн иш-чаранын негиизинде 2016-жылдын 22-август күнү Өзбек Республикасынын Наманган ОИИБнын кызматкерлери карамап кеткен Аксы районунун “Үңкүр-Тоо” участкасындагы РРС-24 станциясында иштеп жаткан 1969-жылы туулган А.Урманов, 1971-жылы туулган У.Бердалиев, 1975-жылы туулган Ж.Ташматов жана 1986-жылы туулган Н.Усупбаевдерди Кыргыз Республикасынын аймагына өткөрүп беришти», - деди М.Турдубеков.

Басма сөз катчынын айтымында, кармалып тургандар менен чогуу бир автоунаада келип, алар менен чогуу баарлашкан. "Алардын дене-баштарында зордук-зомбулуктун издери жок экен. Өзбек тарап өздөрү деле соттук-медициналык экспертизадан өткөрүп, чечимдерин чыгарып коюшуптур. Биз өзбек тарапта кармалып турган 4 жаранды үй-бүлөлөрүнө, тууган-уруктарына өзүбүз коштоп жеткирип барып келдик", - дейт басма сөз катчы..

Эскерте кетсек, 22-августта Өзбекстандын милициясы Үңкүр-Тоодо жайгашкан телемунарага тик учак менен келип, ал жерде иштеген 4 кызматкерди “чек араны мыйзамсыз  бузуп өттү” деген жүйөө менен өздөрү тарапка алып кетип, камап коюшкан.

Ал эми 3-сентябрда КР өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Самаркандга Ислам Каримовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына барган. Ал жерде өкмөт башчы Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиёев менен камактагы 4 жаранды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41