KELECHEK
rek

Таш-Көмүр шаарында 5 үйгө бир убакта тинтүү иштери жүргүзүлдү

Таш-Көмүр шаарында 5 үйгө бир убакта тинтүү иштери жүргүзүлдү

Жалал-Абад облустук ИИБнын 10-бөлүмүнүн өздүк курамы, алдына коюлган милдеттерин ишке ашыруу максатында жана КР Президентинин, Өкмөтүнүн, ИИМнин, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын буйрук жана көрсөтмөлөрүнүн негизинде, облустун аймагында диний экстремизм, мыйзамсыз миграция жана улуттар аралык араздашууга  каршы күрөшүү боюнча, ошондой эле жалпы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында иш мерчемдер түзүлүп, анын негизинде оперативдик кызматтык иштер аткарылууда.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, 6-сентябрь күнү эртең менен Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы 5 үйгө бир убакта тинтүү иштери жүргүзүлдү. Тинтүүгө экстермисттик уюмдар менен байланышы бар деп шектелген атуулдардын жашаган даректерине соттун санкциясы менен калыстардын катышуусунда Жалал-Абад ОИИБ, УКМК жана Таш-Көмүр ШИИБнүн кызматкерлери тарабынан текшерилди.

Уюшулган ыкчам операция учурунда мыйзамсыз далил буюмдар табылып тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Шамалдуу-Сай шаарчасындагы шектүү үйгө ыкчам тобу барган кезде үй ээлери эшигин ачпастан бекитип алып,  ажатканасына китепчелерди күйгүзүп жиберген. Бирок атайын уюшулган ыкчам тобу жана жергиликтүү жашоочулар калыс катары кирип түтүн жыттанган үйдөн эле алардын аракет кадамдарын аныкташкан. Башкача айтканда  күтүүсүз келген милиция кызматкерлеринен  мыйзамсыз диний багыттагы китептерин күйгүзүп  жок кылуу аракеттери  ишке ашпай калды.

Жалпысынан иш чара учурунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремистик уюмуна тиешеси шектүү болгон 46 даана китеп, 31 даана ДВД диск, 2 даана кол жазма дептер жана 1 даана кол телефон флеш картасы менен далил буюм катары алынган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41