KELECHEK
rek

Ошто жаңы окуу жылына жаңы мектеп ачылды

Ошто жаңы окуу жылына жаңы мектеп ачылды

Бүгүн, 1-сентябрда Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө  кыргыз-казак өкмөтү биргеликте курган «Жетиген» мектеп-лицейи алгачкы окуучуларын кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, мектептин ачылышына КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, Казакстандан келген өкүлдөр, мектеп окуучулары жана ата-энелер катышты.

Шаар мэри бардык нерсе билимден көз каранды экенин айтып, жалпы катышуучуларды Билим күнү менен куттуктады.

“ 500 орундуу орто мектеп Казакстан Республикасынын Президенти Н. Назарбаевдин  каржылоосу менен курулду. Курулуштун жалпы сметалык баасы 102 млн 681 миң сомду, ал эми тендердик баасы 88 млн 611 миң сомду түздү. Мектептин курулушу өткөн жылдын июнь айында башталган, жалпы аянты 2,3 га. Бул мектептен келечекте өлкөнүн, шаарыбыздын өнүгүшүнө чоң салым кошкон чыгаан кыргыздын балдар-кыздары чыгат деп терең ишенебиз. Келечектин ээлери болгон өспүрүм балдар, мектепке бараткан  окуучулар, силер бүгүн билим уясына бет алдыңар. Ар бир күнүңөр ушундай жарык болсун, жүзүңөрдөн жылмаюу, сүйүнүчтүн белгилери эч качан кетпесин”,-деди А.Кадырбаев.

Сооронбай Жээнбеков да келечек ээлерин Билим күнү менен куттуктады. Анын айтымында, быйыл билим берүү тармагына өлкө бюджетинин 20 пайызы бөлүндү.  

Мектеп директору Кыябек Акматов көп тилдүү билим берүүчү мектепке окуучулар сынактын негизинде кабыл алынганын билдирди. 

«Биз окуучуларга математика, информатика, химия, биология предметтерин тереңдетип окутабыз. Англис, орус, кыргыз тилдерине басым жасалат. Жалпы 1-8-класска 550 бала кабыл алынды. Окутуу акысыз жүргүзүлөт”,-деди К.Акматов.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30

Өзбекстанда мугалимдерге айлыктын ордуна жөжө берилүүдө

Өзбекстанда мугалимдерге айлыктын ордуна жөжө берилүүдө

Каракалпакстандын Нукус районунда  нак акчанын жоктугунан улам мугалимдерге маянанын ордуна жөжө...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  10:32