KELECHEK
rek

Элди кургак учуктан сакайткан оорукана (ФОТО)

Элди кургак учуктан сакайткан оорукана (ФОТО)

Тарыхка кайрылсак, Жалал-Абад областтык кургак учукка каршы күрөшүү борборуна быйыл 68 жыл толду. Өткөн кылымда, тагыраак алганда 1948-жылы катардагы дарыгер Рейнгольд Бауэр Сузак районундагы Барпы айылдык кеңешине караштуу аймактан жер бөлдүрүп,  25 керебетке ылайыкталган кургак учук оорусун дарылоочу бөлүм ачып, ага өзү  жетекчилик кылган. Оорулуулар бөлүмгө батпай кеткендиктен 1948-жылдын күз айларында дагы кошумча 3 өпкө орулуулар бөлүмү ишке кирген. Ал эми 1950-жылы клиникалык лабораторияларга жабдуулар алынып келинип, лаборатория ишке кирген. 1984-жылы оорукана 500 бейтапты толук кандуу дарылаган Орто Азиядагы ири кургак учукка каршы ооруканага айланган. Бауэр Рейнгольд Генрихович аталган оорукананы 1984-жылга чейин жетектеп, КРнын эмгек сиңирген дарыгери наамын алуу менен ардактуу эс алууга чыккан. Анын өмүрлүк жубайы Мария Адольфовна да бирге иштеп, ооруканада күчтүү лаборанттардын далай кесипкөй курамын тарбиялап өстүргөн.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад областында 1 миллион 100 миңден ашуун көп улуттуу калктын өкүлдөрү жашайт. Жалал-Абад областтык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун жана жер-жерлердеги медициналык кызматкерлердин үзүрлүү иш аракеттеринин натыйжасында областтын аймагында кургак учук оорусу боюнча эпидемиологиялык кырдаал турукташкан жана толук көзөмөлгө алынган. 2015-жылы област боюнча 862 адамда жаңы кургак учук оорусу аныкталса, 2014-жылы алардын саны 948 болгон. Муну 100 миң кишиге алсак 2015-жылы 77,3 пайызды, ал эми 2014-жылы 86,2 пайызды түзгөн. Кургак учук оорусунун оор түрүнө кабылышкан жана дарттын кабалдап күчөп кеткендигинен улам 2015-жылы 54 адам каза болсо, 2014-жылы 62 адам каза болгон. Мындай абал өзгөчө Кара-Көл шаарында, Токтогул жана Тогуз-Торо райондорунда көп кездешет.

Жалал-Абад областтык кургак учукка каршы күрөшүү борборунда учурда 370 керебет орун болсо, Шакафтар айылында 60 керебет, Токтогул районунда 40 керебет жана Базар-Коргон районунун кеңеш айыл аймагында кургак учукту дарылоочу 35 керебет орунга эсептелген ооруканалар иштеп жатат. 2015-жылы област боюнча 62 415 адам ар кандай ооруларга каршы медициналык текшерүүдөн өткөрүлүп, анын ичинен 61 адамдан кургак учук оорусу, 937 адамдан өпкөнүн өнөкөт оорулары жана 769 адамдан жүрөк кан тамыр оорулары аныкталган. 

Медициналык кызматкерлердин арасынан 5 адамдан кургак учук оорусу аныкталган. Аймактарга бөлсөк Жалал-Абад шаарынан 2 адам, Базар-Коргон районунан 2 адам жана Токтогул районунан 1 адам табылган.

 - Учурда кургак учуктун 1- 2, же андан көп дарыларга туруктуу болгон кургак учук ооруларын дарылоо боюнча 30 керебетке эсептелген бөлүм ачылып, ишке киргизилүүнүн алдында турат. Кургак учук оорусун аныктап дарылоодо бир катар көйгөйлөрүбүз бар. Борбордо 19 даана флюроаппарат болсо анын бешөөсү иштебейт жана калган 14ү авариялык бузулуу коркунучу бар абалында. Рентген аппаратыбыздын иштен чыкканына 2 жыл болду. Бул маселе боюнча эки жылдан бери КРнын саламаттыкты сактоо министрлигине атайын кат жолдогонбуз. Бирок, натыйжалуу жыйынтык болбой жатат. Германиядан алынып келинген рентген аппараттын иштөө мөөнөтү 15 жылга эсептелген болсо ал мөөнөтүнөн узак иштеп, азыр толук жараксыз болуп, бузулуп калды. Калкты кургак учуктан сактоо боюнча 1998-жылы 23-апрелде атайын мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык кургак учук менен ооругандардын дарылоо жайларына барып келүү жол кирелери толук  төлөнүп берилиши керек. Бул маселе Жалал-Абад шаары менен Аксы районунда талаптагыдай аткарылып жатса, Токтогул районунда 2015-жылы кургак учук оорусу менен ооругандардын дарылоочу мекемелерге барып келүүчү жол кире акылары бейтаптарга такыр эле төлөнүп берилбегендиги абдан өкүнүчтүү. Өткөн жылы Токтогул районунда 7 жаштагы бала кургак учуктун менингити менен ооруп көз жумду. Бул баланын өлүмү райондо талкууланган жок. Кимден жуккандыгы, эмне себептен кургак учуктун өтүшүп кеткен түрү менен табылгандыгы тууралуу маалымат да берилген эмес,- дейт  Жалал-Абад областтык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Бурулкан Кадырова.

Кургак учук оорусун издеп табуу жолдорун өркүндөтүү максатында областка жаңы 1 даана Ген эксперт аппараты алынып келинди. Бул аппарат менен бир нече саат ичинде кургак учук оорусунун  дарыларга туруктуу түрлөрүн аныктап алса болот. Кургак учук таякчасын эгүү жолу менен аныктоо максатында Ош шаарындагы түштүк референс лабораториясына өткөн жыл ичинде 53 жолу какырык жана башка биологиялык материалдар ташылып жеткирилди. Областта катталган 588 өпкөнүн кургак учук оорусу менен ооруган бейтаптардын 569у жогорудагы изилдөө жолу менен текшерилди. Анын натыйжасында 123 кургак учук оорусунан көп дарыга туруктуу түрү, 135 оорулуу бир же андан көп дарыларга туруктуу экендиги аныкталды.

- Улуттук «Кургак учук-IV» программасынын алкагында биздин борборду дары-дармектер менен жетиштүү камсыз кылууда Эл аралык уюмдардын жардамдары олуттуу болуп жаткандыгын баса белгилеп кетким келет. Алсак, ПРООН, ЮНИТЕИД, ГФ жана ХОУП сыяктуу эл аралык уюмдар биздин оорукананы дары-дармектер менен жетиштүү камсыз кылып келе жатышат. Айрыкча ПРООН тарабынан дары-дармектерге көрсөтүлгөн жардам туурасында айта кетпесем болбойт. Былтыркы жылы ПРООНдун өзүнөн эле областка 30 млн. 349 761 сомдук дары-дармектер берилген. Ал дарылар бизге жана амбулаториялык жол менен дарыланып жатышкан кургак учук оорусу менен ооруган район-шаарлардагы бейтаптарга таратылып берлди. Бул маселеде ФОМСтун көмөгү дагы чоң экендигин белгилеп кетким келет,- дейт Б. Кадырова.

Жалал-Абад областтык кургак учук оорусуна каршы күрөшүү борборунда дарыланып жатышкан 370 бейтаптын ар биринин тамак-ашына быйылкы жылы күнүнө 116 сом жана дары-дармегине 72 сом каралган. ХОУП долбоорунун алкагында бактериологиялык лаборатория капиталдык ремонттоодон чыгарылды. Мындан сырткары ХОУП долбоору менен 1 млн. 909 673 сомго медициналык жабдуулар, аппараттар жана компьютерлер сатылып берилди. Биз аларга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз,- дейт  кургак учук оорусуна каршы күрөшүү борборунун директору Бурулкан Кадырова.

Учурда аталган борбордо 27 жогорку билимдүү дарыгерлер жана 101 атайын орто билимдүү медициналык кызматкерлер үзүрлүү эмгектенип жатышат. Дарыгерлер Кайрынса Дыйканбаева, Орозмамат Эргешов, Сабыр Нышанов, медайымдар Сейил Мырзамаматова, Гүлбарчын Исмаилова жана Гүлнара Султанова бейтаптардын алкышына арзып иштеп жатышат.

- Азыр өлкөбүздө улуттук “Кургак учук IV” программасы иштеп жатат. Анын башкы максаты кургак учук ооруканаларында дарыланып жатышкан бейтаптардын жугуштуу эмес катмарларын амбулаториялык ыкмада дарылоо болуп саналат. Атайын мониторингдик изилдөө ачык көрсөткөндөй коомго коркунучсуз болгон жугуштуу эмес кургак учуктун түрлөрү менен ооругандарды үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору жер-жерлерде дарылоо мүмкүнчүлүгү жаралып олтурат. Алсак, 1991-жылы област боюнча кургак учук оорууларынын керебет орундары 8000 болсо,  азыркы күндө областа 4000 керебет орун калды. Быйылкы жылдын алты айында 508 кургак учук менен ооругандар аныкталып, 100 миң адамга алганда 44,3 пайызды түздү. Былтыркы жылы  438 адам кургак учук менен ооругандары аныкталып, 100 миң адамга алганда 39,0 пайызды түзгөн.

Кургак учук оорусунун көбөйүүсүнүн негизги себептери ички жана тышкы миграция болууда. Өзгөчө Россиядан үй-бүлөсү менен кургак учук оорусун жуктуруп келип жаткан учурлар жок эмес. Биздин атуулдар өздөрүнүн ден соолугун ойлонушса жылына бир ирет флюрографиядан өтүп туруулары зарыл. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору менен топторунда кургак учук оорусун аныктоочу фтизияторлор иштешип, кургак учук оорусун дарылоочу кабинеттер иштейт,- деди Жалал-Абад областтык үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Гүлнара Маматалиева.

Эң башкысы, кургак учук оорусу социалдык оор дарттардын катарына кирсе дагы аны сакайтууга боло тургандыгы бүгүнкү жашоо-турмушубуздун кашкайган чындыгы болуп калды. Бирок, кургак учук оорусу менен күрөшүүдө түйшүктүн баарын дарыгерлерге оодара салбастан коом жапа тырмак, ар бир үй-бүлө, ар бир бейтап өзү толук сакаюусу үчүн аракеттенбесе, анда ийгиликтин жаралышы кыйын. Дүйнөнүн өнүккөн алдыңкы өлкөлөрү кургак учук оорусун дарылоодо ооруканалардагы керебет орундардын санын кескин түрдө кыскартышып, дарылоонун амбулаториялык жолуна кеңири өтө башташты. Ал өзүнүн натыйжалуу  жемишин берүүдө. Эң башкысы кургак учук оорусун толук сакайтууга боло тургандыгын биздин дарыгерлер  иш жүзүндө тастыктап, айгинелеп жаткандыктары абдан  кубантат. Демек, кургак учук оорусун толук дарылап сакайтууга болот.

Жолдошбай Осмонов, журналист.  Жалал-Абад шаары.    

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38