KELECHEK
rek

Бекболот Миңбаев: “Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч эсеге көбөйдү ”

Бекболот Миңбаев: “Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч эсеге көбөйдү ”

Таш-Көмүр шаарынын бюджети үч жыл аралыгында 3 эсе көбөйүп, 2016-жылы 88,5 млн. сомду түздү. Бул тууралуу шаар мэри Бекболот Миңбаев бүгүн, 26-август күнү “Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда өткөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылы январь айында шаардык депутаттардын 18 добушуна ээ болуп, шаардын мэри болуп шайланган. Бүгүнкү күндө шаардык кеңеште 7 фракциянын бардыгы менен тил табышып, ага-ини болуп иштешип келе жатат.

- Мен Таш-Көмүр шаарына мэр болуп шайланып келгенде шаардын жалпы бюджети 32 млн сом болчу, ал эми минуста 12 млн. сом дотацияда отурган шаар эле. Шаарга мэр болуп келгенден биринчи маселе катары, салыктан түшкөн НСПны жана Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Шамалды-Сай ГЭСтердин салыктарын шаардын бюджетине түшүрүү максатында КР Өкмөтүнө көптөгөн кайрылууларды жасап, ГЭСтерден түшкөн 32 млн. сомдон 40 млн. сомго чейинки салыктарды шаардын бюджетине түшүрдүк.

Мындан сырткары, 10 түрткү берүүчү грант алып келдик. Мэр катары эң нагизги маселе бул - билим берүү жана мектепке чейинки мекемелерине өзгөчө көнүл бөлүнүп, жалпы жогорку жана орто окуу жайларынын, билим берүү мкемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында 2015-жыл ичинде республикалык бюджеттин жана жеке күчүбүздүн эсебинен жергиликтүү бюджетти кошпогондо жалпысынан 30 млн. 662 миң сомдук курулуш иштери жүргүзүлгөн.

Ал эми быйыл 2016-жылга буйруса 4 долбоор түрткү берүүчү грантка өткөрүлдү. Шаардын бюджетинен 2 млн. сомдук өзүбүздүн салымыбызды кошуп, жалпы 11 млн. сом республикалык бюджеттен келди. Бул каражаттар мектеп, бала бакчаларга бөлүндү. Шамалды-Сай шаарчасына 240 балага ылайыкташкан “Келечек” деген жаңы бала бакча ачтык. Атай кетсек алар: №2 К.Осмонкулов жана №8 М.Фрунзе орто мектептерине ашкана куруу, №9 А.Осмонбеков атындагы орто мектептерине жылуулук системасын киргизүү жана “Келечек” балдар бакчасынын чатырын алмаштырып, имаратын реконструкциялоо. Ушуга окшогон көп иштерге жетишип, жаш муундарды колдоп, келечекте көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз деген тилектемин.

Быйылкы 2016-жылдагы иш планыбыздагы арка куруу маселесин шаардык кеңештин депутаттары колдоп, 800 миң сом акча бөлүп беришти.  Буйруса, шаардык муниципалдык департаменти аркылуу шаардын кире беришине арка куруу иши башталды. Бул иш бир айда бүтүп калат. Стадионубузга заманбап футбол аянтчасы курулду. Ага 3 млн. сомдун тегерегинде акча каражаты жумшалып, 1 млн. 460 миң сому жергиликтүү бюджеттен каржыланды. Анын ичинен Жогорку кеңештин КСДП фракциясынын депутаты О.Артыкбаев демөөрчүлүк кылып 1 млн. 540 миң сом акча бөлүп берди. Азыркы учурда футбол аянтчасы иштеп жатат. Шаарбыздагы эс алуу багын тосмо менен тосуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 750 миң сом акча каражаты каралды. Бул жерде да иштер жасалып жатат.

Андан башка, дагы Таш-Көмүр шаарынын элдик баатырлары Чыныбаев жана Темирбаев деген баатырлар бар. Алардын айкелдерин орнотуу боюнча 650 миң сомдун тегерегинде шаардын бюджетинен бөлүп берүү жагы каралууда. Кызыл-Жар шаарчасында эс алуу багын, канализацияны оңдоо боюнча акчалар которулуп, иштер башталган. Шаарда канализацияны оңдоо иштерине депутаттар 270 миң сом акча бөлүп беришкен. Эс алуу багын тосмолоо боюнча 350 миң сом акча бөлүнгөн.

Таш-Көмүр шаарында мындан 15 жыл мурун ЖК депутаты О.Артыкбаев өзүнүн жанынан 5 млн сом жумшап, шаарга өзү агып келе турган (самотек)  сууну чыгарып берген, шаардыктар ошондон ичип келишкен. Шаардын калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында шаардын борбордук бөлүгүндөгү ичүүчү таза суу системаларын АРИС долбоорунун алкагында реаблитациялоо иштери үчүн 55 млн. 742 миң 315 сомдук жумуш аткарылып, бүгүнкү күндө шаар таза суу менен камсыз болду. Мунун 49 млн. сому АРИСтен, 5 млн. сому жергиликтүү бюджеттен каржыланган.

Мындан сырткары, шаарбыздын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн Таш-Көмүр шаарына жана шаарга караштуу Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарчаларына түнкү жарыктар тартылды. Шаардын борбордук М.Исраилов атындагы эс алуу багына тротуардык брусчатка басылып, электр жарыктары тартылган. Ошондой эле, азыркы учурда КР Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата борбордук эс алуу багынын олтургучтарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.  Кызыл-Алма, Теңдик айылдарына да долбоор жазып жатабыз. Муну кийинки жылдын бюджетине киргизебиз.

Таш-Көмүр шаары көмүр казуучулардын шаары катары белгилүү. Буйруса бул тармакта абал жакшы. Учурда КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-апрелиндеги №215чи Токтомунун негизинде “Электр станциялар” ААКна Бишкек ЖЭБна 50,0 тонна Таш-Көмүрдүн көмүрүн камдоо боюнча тапшырма берилген. Азыркы күндө жогорудагы көрсөтүлгөн токтомдун 3-пункутунун негизинде КР Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин көмүр казуучу ишканалардын көмүрүнө бааларды жана Таш-Көмүр шаарынан Бишкек ЖЭБне чейин автотранспорт менен ташууга кетүүчү аныктап берүүсү күтүлүп жатат, - деди Б.Миңбаев.

Ошондой эле, Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Салияхон Мураталиева маалымат жыйында сөзгө аралашып, үч жолу шаардык кеңешке депутат болуп шайлангандыгын баса белгилеп кетти.

- Мен үч жолу шаардык кеңешке депутат болуп шайландым. Өзүм балдар бакчанын башчысымын. Шаарыбызда 3 бала бакча ачылды. Буга чейин эле, Өкмөттүн токтому болгонуна карабай 2009-жылдан бери бала бакчаларды мамлекетке кайтарып алуу ишке ашпай келе жаткан. Шаардык кеңештин депутаттарынын жардамы менен 3 бала бакчаны кайтарып алдык. Азыр экөө ишке кирген, үчүнчүсү кудай буйруса жакында ишке берилет. Б.Миңбаев шаар мэри болуп келгенден бери, бала бакчалардын көйгөйүн ойлоп, колдоп келе жатат. Бүгүнкү күнгө чейин токтом чыкканда да эч ким бала бакчаларды мамлекетке кайтарып ала алган эмес. Мен муну ачык айтышым керек. Каражат болбосо, кантип бала бакча ачмак элек. Азыркы мэр бала бакчаларга көбүрөөк көнүл буруп, каражат маселесин чечип берүүдө. Бала бакча, мектептерге көнүл буруп жатканынын себеби, балдар биздин келечегибиз. Биз бала деп жашайбыз. Эмне себептен, эл мени үч жолу депутат кылып шайлап жатат? Себеби, биз келечек үчүн эмгек жасап жатабыз, ошону эл туура түшүнүү менен кабыл алууда, - деди С.Мураталиева.

“Көк-Арт Инфо” маалымат борбору.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Алгач ишин баштаган ишкерлер үч жыл аралыгында текшерүүгө алынбайт

Кыргыз Республикасынын "Ишкердиктин субьекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү"...

АНАЛИТИКА 2016-05-18  13:03

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын  өспүрүм...

Жалал-Абаддагы жарандык коомдун өкүлдөрү кыздардын өспүрүм...

Бүгүн, 31-май күнү Жалал-Абад шаарында “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы тарабынан...

АНАЛИТИКА 2016-05-31  14:15

Жалал-Абадда  долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абадда долбоору жок курулуш баштаган чиновникке көп кабаттуу...

Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Жеңи-Жок көчөсүнүн 32-үйүнүн тургундары УКМКнын Жалал-Абад...

АНАЛИТИКА 2016-06-05  04:30

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Сузактык 71 жаштагы М.Калиев аксакал уулу бир айдан бери камакта...

Бүгүн, 10-июнь күнү "Көк-Арт Инфо” маалымат борборунда Сузак районунун Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн...

АНАЛИТИКА 2016-06-10  16:39

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Кыргызстанда калктын укуктук маданиятын кантип көтөрө алабыз?

Укуктук маданият бир гана тармакка тиешелүү эмес. Ал жашообуздун бардык тармактарына өзүнүн терс...

АНАЛИТИКА 2016-07-05  17:58

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Жалал-Абадда дыйкандар жүгөрүдөн эки эсе көп түшүм алууну көздөп...

Үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Ноокен районунун Бүргөндү айыл аймагынын Жеңиш айылында гибрид жүгөрүсүн...

АНАЛИТИКА 2016-07-30  16:45

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап...

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай...

АНАЛИТИКА 2016-08-21  13:24