KELECHEK

Салайдин Авазов элге таза иштөөнүн үлгүсүн көрсөттү (Пикир)

Салайдин Авазов элге таза иштөөнүн үлгүсүн көрсөттү (Пикир)

Азыркы учурда Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов тууралуу шаарда жана шаардан сырткары жактарда да жакшы пикирлер айтылып келе жатат. Биринчи кезекте анын жетекчилик сапаты, уюштуруучулугу, шаарды жакшыртуу иштериндеги анын батылдыгы, эрки жана таза иштегендиги жөнүндө биз дайыма эле эл ичинде жакшы кептерди угуп келебиз. Ошол уккан кептерибиздин канчалык туура экенине да ишеничибиз бекем.

А-бу деген менен Жалал-Абад шаарынын мэри С.Авазов шаарды башкарып келатканына сентябрь айында эки жыл болот. Алдыда күзгү жергиликтүү кеңештердин шайлоосу жакындап келатат. Шаардык кеңешке жаңы шайланып келген депутаттар мыйзам боюнча шаардын жаңы мэрин шайлап алуулары керек. Ошентип, шаарда жетекчи ким болору, ким шайланары, ошол шайлоодон кийин билинет. Бирок, ага чейин биз азыркы жетекчинин шаарга канчалык иш жасап бергенине көз салып, ага баа берип коюшубуз абзел.

Мен С.Авазовду энергетик, жетекчи, адис катары мурдатан эле билем. Мурдатан эле ал өзү иштеген тармакта кайсы бир конкреттүү натыйжаларга жетишкиси келген адис катары, кийин ал өзүн уюштургуч, талапчыл жана калыс жетекчи катары көрсөтө алган. Кыргыз энергетика тармагына өзүнүн бараандуу салымын кошкон инсандардан болуп саналат. Аны дайыма иши кыйын, артта калган участокторго жөнөтүшкөн, ал дайыма ал артта калган участокторду алдыга чыгарып, ишинен көрүнгөн кризис-менеджер эсептелет. Эң башкысы, ал алдыга коюлган тапшырмаларды, милдеттерди так жана өз убагында мыкты аткарууга аракет кылган жоокерчиликтүү адам катары да көпчүлүккө өзүн көрсөтө алды. Менимче, мындай сапатка бардык эле атуулдар, бардык эле жетекчилер ээ боло алышпайт.

С.Авазов ага карата биз айтып жаткан оң баалардын туура экенин Жалал-Абад шаарына келип, мэр кызматында иштеген ушул эки жылдын аралыгында даана көрсөтө алды. Эгерде шаарыбыздын тургундары мурда С. Авазовду энергетика тармагында иштеген жетекчи катары гана билишсе, эми ага башкача көз менен карап калышты. Эми анын кандай адам, кандай жетекчи экенин даана көрүштү жана ушундай жетекчилер шаарга дайыма керек экенин сезишти.

С.Авазовго чейин шаарда кескин өзгөрүш, кескин жаңылануу, шаардыктарга жаккан, сырт тараптарга чейин белгилүү болгон астейдил аракеттер байкалбады. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен капиталдык салымдар, башкача айтканда, шаардын көркүнө көрк кошо турган курулуш иштери, инфраструктуралык кайра өзгөртүү иштери колго алынбаган эле. Баякы шаарыбыз баякы эле турмушун баштан кечирип, шаарыбызда баякы эле бизди кыйнаган көйгөйлөр, бизди тажаткан башаламандыктар, жолдордогу тыгындар, койчу баары баякы эле бойдон келаткан. Биз да ошого көнүп, кадимкидей жүрө бергенбиз. Бирок, баары бир бир күнү жаңы башталыштар, жаңы иштер, алга умтулуулар кадам таштап, башталышы керек эле да.

С.Авазов келери менен жаңы иштерди колго алып, баштап кете алды. Эң башкы жакшы көрүнүш катары мен муну айтар элем: С. Авазовду мэр катары шайлоо учурунда шаардык кеңештин депутаттары да биримдикке келишти, шаардын кызыкчылыгы, элдин утушун ойлошуп, мурдагы фракциялар аралык талаш-тартыштарын, карама-каршылыктарын артка ташташып, С. Авазовду дээрлик бир добуштан шайлап алышкан. Ушунун өзү эле С.Авазовдун келиши жаңы жакшы иштердин башталышынан кабар берген. Эгер мурдагы мэрлерди шайлоо канчалык интригалар, карама-каршылыктар менен өткөнүн эстесек, бул чоң алга кадам болуп эсептелет.

С.Авазовду шаардагы мэр катары иш башташы да жакшы кадамдар менен башталды. Эзели маселеси чечилбеген Нагима Айтматова көчөсүндөгү башаламандык дароо чечилди. Мурда ал жерде автоунаалар жана жөө атуулдардын башаламан кыймылынан баш катып кесле, эми ал жерде тартип орноп, унаа тыгындары да болбой, жөө атуулдар да кыйналбай калышты. Демек, иштин көзүн билген жетекчи келсе, иш да жакшы болот экен да.

Кийин дайыма проблема жараткан борбордук Ленин көчөсүнүн маселеси да чечилди. Бул көчөдөгү проблема бир гана шаарга эмес, сырт жактарга да белгилүү болчу. Аны массалык маалымат каражаттары бүт баарына көрсөтүп чыгышкан, бирок маселе чечилбеген. Эми бул маселе да асма көпүрөнүн орнотулушу жана көчө бойлоруна тосмлордун коюлушу менен чечилип, шаардын борбордук участкасы тартипке салынды. Айрыкча көчөнүн кеңейтилиши шаардын чындап шаарга окшоп калышына алып келди. Азыр сырт жактардан шаарыбызга келип, Ленин көчөсүнөн өткөндөр шаар мурдагыдан көрктүү, иреттүү болуп калганын айтып жүрүшөт. Албетте, бул биздин чоң утуш болду.

Ырас, 2015-жылы Жалал-Абад шаарында кыйла өзгөрүүлөр жылы болуп калганы баарыбызга белгилүү. Мен жетекчи катары билгеним, шаар жетекчилери шаар бюджетин натыйжалуу, ыктуу пайдаланууга өтүштү, бюджеттин эсебинен шаарда ири инфраструктуралык курулуштарды жасаганга аракет кылышты. Муну шаардык кеңештин депутаттары да туура түшүнүп, шаардын мэриясынын долбоорлорун колдоп-кубаттап беришти. Ошонун натыйжасында шаардагы бир катар жолдор оңдолуп, асфальтталып, курулгандан бери бир дагы капиталдык ремонттон өтпөгөн борбордук “Курманбек” стадиону бүтүндөй кайра өзгөрүп, Кыргызстандагы эң мыкты спорттук жайлардын катарына кошулду. Андагы чуркоочу тилкенин курулушу ого бетер бизге кадыр-барк алып келди. Себеби, шаарыбызда жеңил атлетика боюнча ири мелдештер өткөн кезде сырттан келген адис-коноктор стадионго жогору баа берип кетишкен. Түштүк аймакта азыр биздин стадиондон өтөр заманбап стадион жок.

Шаарда 50-60 жылдардан бери иштеп, эскирип, шаардыктарды кыйнап келген суу менен камсыздоо жана саркынды суу системасы да кайра жаңырып жатат. Албетте, бул долбоор С.Авазов келгенге чейин эле башталган болчу, бирок бул иштерди ырааттуу, кызуу жүргүзүлүшү жергиликтүү бийликтердин, анын тийиштүү структураларынын аракетисиз болбойт. Бул жагынан алганда суу долбоору азыркы кезде эң бир активдүү, кызуу жүрүп жатат жана шаардыктардын суу көйгөйүн биротоло чечүү үчүн күч-аракеттер жасалууда. Буюрса, 2017-жылы шаардын эли суу жана саркынды суулардын көйгөйлөрүнөн кутулат жана аз эле дегенде жакынкы 50 жылга бул көйгөй козголбойт.

Өткөн жылы шаарыбыздын эс алуу жайларынын көрктүү болушу, жолдорубуздун тегиз жана кенен болушу үчүн шаардын аткаруу бийлиги жакшы аракеттерди жасаганын жалпыбыз көрдүк. Шаардыктар сейилдеп, мыкты эс алышы үчүн Токтогул паркынын жанындагы Пушкин атындагы скверди реконструкциялоо иштери бүткөрүлдү. «Жеңиш» эс алуу жайындагы фонтан да реконструкцияланып, тротуарлар асфальтталып, шаардыктарга жакшы шарттар түзүлүп берилди. Азыр бул жерлерге барып эс алуу ар бирибиз үчүн жагымдуу болуп калды.

Көчөлөрүбүз канчалык жакшырганын көрүп эле жүрөбүз. Бюджеттин эсебинен бир катар көчөлөр тегизделип, асфальт бастырылып, элге ыңгайлуулуктар жаралды. Шаар мэри андан тышкары жогорку бийликтерден каражат сурап, анын эсебинен да шаарды жакшыртуу иштерин жүргүзгөнүн билебиз. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Президентинин жолдорду оңдоого берген акча каражатынын эсебинен Жеңижок, Тарсус, Балтагулов, Ж. Бакиев көчөлөрү реконструкцияланды. «Спутник» кичи районунун жолдору дээрлик жаңыланды. Эми ушундай жакшы, реалдуу иштер мурда болду беле?

Албетте, шаар мэринин ар бир ишин талдап, ага баа берип отура албайбыз. Ал тууралуу шаар мэри өзү эл алдында айтып, элге отчөт берип келе жатат. Дагы айтып коюш керек: мурда биз шаар мэринин элге отчёт беришин деле билген эмеспиз. С.Авазов шаарга жасай турган иштерин адегенде эл алдына алып чыгып, коомдук угууларда эл менен кеңешип, ар бир жасала турган ишке элдин ыраазычылыгын алып, ага кете турган чыгымды да ачык ортого салып, анан гана депутаттардын талкуусуна коюп жатышы, бул өтө туура кадам. Себеби, шаар бийлиги, анын жетекчиси да элге иштеши керек, демек, ал пландарын эл менен кеңешип жасашы да милдет. Ушул жагынан алганда С. Авазовго ыраазылык билдирип кетсек арзыйт. Ал коомдук угууларда да, телевидениелерден да чыгып, элге жасала турган жана жасалган иштер тууралуу кенен айтып, отчөтун берип келатат. Ошондуктан эл да анын аракеттерин колдоп, баа берип келатканы жакшы көрүнүш.

Албетте жетекчи болуп иштөө, өзгөчө жергиликтүү бийликтин жетекчиси болуп иштөө жеңил оокат эмес. Бул үчүн чоң турмуштук тажрыйба, бекем адамгерчилик сапаттар керек. С Авазовдо ушул сапаттар бар экендигинен анын жумушу алга кетип, элдин алкоосуна татыктуу боло алды. Анын элдин муктаждыктарына жоопкерчиликтүү мамилесине бир мисал: С.Авазов электр тармактар ишканасын жетектеп турганда Таш-Булак айыл аймагындагы Доскана айылынын аксакалдары көмөк чордонунун күчсүздүгү тууралуу кат менен кайрылышты. Ал айылга өзү барып, өз көзү менен көрдү да, көзөмөлгө алып, жооптуу адамдарга дайындап, акыры жаңы көмөк чордонун койдурду. Аксакалдар «жетекчинин баары ушундай болсо» деп алкаганы эсимде. Себеби, башка биртоп жетекчилер элдин кайрылуусунан жыйынтык чыгарышпай, элди тажатышкан эле.

Дагы бир айтып кетчү нерсе, С.Авазовдун өз кызматында таза иштеп жатышы. Мурда айрым жетекчилердин кандай иштеп, кайсы ишти кантип чечкендигин жалпы эл билет. Ал шаардын мэрлигине жаңы келгенде эле эл алдында «мен өз элиме ак, таза иштеп берейин деп келдим» деген сөзүнүн үстүнөн чыга алды. Мурунку шаар жетекчилери элден «стояншик», «акула», «капчык» деген наам алышкан болсо, С.Авазовду андай «наамдар» ээрчиген жок. С.Авазовдун артынан бир дагы терс маанайдагы кепти уга элекпиз жана шаар жетекчилери менен болгон сукбаттарда ал таза иштеп жатканы тууралуу гана сөз болот. Бул абдан жакшы көрүнүш, колдоого ала турган жагымдуу нерсе.

Анан да С.Авазов бир жолу кайсы бир телевидениеде элдин суроолоруна жооп берип атып, ал мурда энергетика тармагында иштеп жүргөнүн, биринчи жолу шаар башкарып, эл менен иштеп жатканын айтты. Анан “Мага элге ишенбе, эл айнып кетет дешкен. Бирок андай эмес экен, эл ким иштегенин, кандай иштегенин көрүп, ал чындыкты айтат экен. Менин буга көзүм жетти. Ошону үчүн элге таза иштеш керек” деген сөзүн уктум.

Бул чыныгы элге иштегиси келген жетекчинин сөзү. Эгер ким да болсо элге таза иштесе, элге бир жакшы нерселерди тартуулагысы келсе, аны эл көрүп турат. Бүгүнкү күнү С. Авазов да элге аракет кылып жатат, аны биз, эл көрүп турабыз. Шаарга дал ушундай позициядагы, ниеттеги адамдар келип иштесе гана шаар оңолуп, ишибиз алдыга кетет. Ошондуктан, биз С.Авазовдой кишилердин иштешине шарт түзүп, алардын аракет колдоого алып, алардын тажрыйбасынан, мүмкүнчүлүктөрүнөн шаар үчүн пайдаланып калышыбыз зарыл.

Албетте шаардагы аткарылып жаткан жумуштарды мэр эле жасаптырбы деген каяша да айтылышы мүмкүн. Бирок мэрия, шаардык кеңеш, башка муниципалдык кызматтар баары бир команда болуп иштеп жатканында, албетте, шаардын мэринин салымы өтө чоң. Эгерде шаардын кызматтары чоң оркестр десек, мэр анын дирижеру, жагымдуу музыканын жаралышына анын салымы да бараандуу, жоопкерчилиги да өтө чоң.

Акырында мен шаар мэрине, шаар бийликтерине алдыда турган милдеттерди аткарууда ийгиликтер каалап кетмекчимин. “Жандоочу кийик аттырат” деген кыргыздын жакшы кеби бар. Демек, мындай жетекчини да жакшылар жандап, колдоп турушу абзел. Менин баамымда шаар жетекчисин бүгүн жалпы шаардыктар жандап, колдоп турат. Мунун өзү шаар мэрине да, шаардыктарга да берилген жогорку баа.

Салайдин МУСАЕВ, Жалал-Абад облустук кан борборунун башкы дарыгери, КРнын Саламаттыкты сактоосунун мыктысы.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад – келечекте жашыл шаар боло алабы?

Жалал-Абад – келечекте жашыл шаар боло алабы?

Акыркы мезгилдерде Жалал-Абад шаарындагы автотыгындардын санын кыскартуу үчүн борбордук көчөлөрдү...

АНАЛИТИКА 2018-09-07  15:15

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

“Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругу – жаңгактын түпкү мекени...

Базар-Коргон районундагы “Дашман” мамлекеттик жаратылыш коругундагы токойду коргоо жана...

АНАЛИТИКА 2018-07-17  00:50

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Кочкор-Ата шаары жаш өспүрүмдөрдүн келечеги үчүн күрөшөт! (ФОТО)

Үстүбүздөгү жылдын 13-июлуна чейин Кочкор-Ата шаардык мэриясы 12-18 жаштагы балдар - өспүрүмдөр арасында...

АНАЛИТИКА 2018-06-28  04:30

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүүсү – ЖМКлар үчүн актуалдуу тема (ФОТО)

Климаттын өзгөрүшү боюнча Өкмөттөр аралык эксперттер тобунун климатологдору  глобалдуу...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  07:19

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Кан тапшырып - башкаларга өмүр тартуула! (ФОТО)

Дүйнөлүк статистикада, өнүккөн мамлекеттерде донорлук акысыз жүргүзүлөт. Өзүнүн көнүлү менен акысыз...

АНАЛИТИКА 2018-06-18  20:21

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мамлекеттик дирекция салган көп кабаттуу үй кантип бөлүштүрүлгөн?..

Мындан 5,5 жыл мурун, же 2012-жылдын 28-ноябрында мурдагы Маданият, маалымат жана туризм министри, азыркы...

АНАЛИТИКА 2018-03-30  10:33

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Коррупцияга каршы жалпыбыз күрөшкөндө...

Кечээ, 8-февралда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти 

АНАЛИТИКА 2018-02-09  16:44