KELECHEK
rek

Казак атайын кызматы теракт даярдап жаткан адамдарды кармады

Казак атайын кызматы теракт даярдап жаткан адамдарды кармады

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы Алматы облусунда өлкө аймагында бир канча теракт жасоону пландап жаткан радикалдык топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди. Алар Казакстан менен Кыргызстандын жарандары.

"Топтун кармалган мүчөлөрүнүн жашаган жерлери менен атайын жашыруу жайларынан жардыруучу заттарды колго жасоо үчүн керектүү болгон заттар жана диний экстремисттик материалдар табылды", – деп жазылган 22-августта таратылган билдирүүдө.

"Радикалдардын УКК, полиция жана аскер бөлүктөрүнүн бөлүмдөрү менен кызматкерлерине куралдуу кол салуу боюнча пландары ачыкталды. Алардын кийинки кадамдарында адамдар көп чогулган жерлерде террористтик чабуулдарды жасоо каралган", – деп белгиленген билдирүүдө.

5-июнда Орусиянын чек арасына жакын жайгашкан Актөбө шаарында курал-жарак саткан дүкөндөр менен аскер бөлүгүнө кол салуу болгон. ИИМдин маалыматы боюнча кол салууга 27 киши катышкан. Анда 20 киши каза таап, 13ү кол салгандар болушкан. Андан сырткары 38 киши жаракат алган, алардын көбү аскер кызматкерлери. Бийлик ал кол салууну теракт деп атаган.

Актөбөдөгү окуядан кийин Казакстанда террор коркунучунун «сары» чеги киргизилген.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...