KELECHEK
rek

Кочкор-Ата шаарында жолдорду кайрадан куруу иштери кызуу жүрүп жатат (ФОТО)

Кочкор-Ата шаарында жолдорду кайрадан куруу иштери кызуу жүрүп жатат (ФОТО)

Кочкор-Ата шаарында жолдорду реконструкциялоо, жарыктандыруу жана шаардын инфраструкурасын көтөрүү боюнча бир топ иштер аткарылып жатат. Бул тууралуу шаар мэри Кубаныч Эгембердиев билдирди.

Анын берген маалыматына караганда, шаардагы Октябрьская-Токтогул көчөсүнөн ПМКга чейин узундугу 610 метрге  асфальттоо бүткөрүлдү. Ал эми жол белгилери жана узундугу 135 метр болгон тротуар мыйзамсыз курулуштардын айынан жасала элек, сметалык баасы 4 315 824 сомду түзөт.

Ал эми шаардагы Фрунзе, Токтогул көчөсүнөн Мырзамамыт Эгембердиев көчөсүнө  чейин узундугу 614 метр  асфальттоо бүткөрүлдү. Мунун сметалык баасы 4 863 572 сом болгон. Сметалык баасы 2 911 747 сом болгон Октябрьская, Транспортный көчөсүнөн Саратов көчөсүнө чейинки аралыгы 411 чакырымды түзгөн  асфальттоо иши бүткөрүлдү.

Шаардагы № 28 Ч.Айтматов орто мектебинин айланасына жана Фрунзе көчөсүнө аралыгы 1 км тротуар басуу жумуштары толугу менен бүткөрүлүп, анын  сметалык баасы 2 898 100 сомду түздү. Ошондой эле,  8-март, Манас, Титова көчөлөрү тегизделип сүрдүрүлдү, шагал төгүлдү,  15 үйгө мыйзамсыз жолго чыгып салып алган үйлөргө эскертүү берилип, дубалдары бузулуп,  50 пайызга жумуш аткарылган.

“Жолдорду жамоо, оңдоп түзөө жумуштары башталып, азыркы учурда Садовая көчөсүндө жолдорду жамоо иштери жүрүп жатат. Транспорт жана Тургенев көчөсүнө узундугу 1,35 км электр чубалгысын тартууга –1 010 629 сомдук конкурстук негизде келишим түзүлүп жумуш башталды. Пионер-Тургенев, Ленин-Мырзамамыт Эгембердиев атындагы көчөлөрүнө жол чырак орнотууга конкурска жарыя берилди. Мунун сметалык баасы 403108 сомду түзөт”, - дейт К.Эгембердиев.

 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41