KELECHEK

Кара-Көл шаарында Жалал-Абад жана Талас жаштарынын жолугушуусу өттү (ФОТО)

Кара-Көл шаарында Жалал-Абад жана Талас жаштарынын жолугушуусу өттү (ФОТО)

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдык маарекесине, “Тарых жана маданият” жылына карата  Ички иштер министрилигинин иш мерчемдерине ылайык, 2016-жылдын 20-август күнү “Мекеним менин – Кыргызстан" долбоорунун алкагында Кара-Көл шаарында Жалал-Абад жана Талас облусунан келген жаштардын ортосундагы ынтымак-достукту чыңдоо максатында “Ынтымагы бар элдин-ырыскысы кенен”- деп аталган практикалык тегерек стол форматында жолугушуу болуп өттү.

Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматынын берген маалыматына караганда, дубандардын жолугушуусун Кара-Көл ШИИБнүн жетекчилиги демилге көтөрүп, жергиликтүү бийлик колдоого алган.  Шаардык мэриянын чоң залында өткөн жыйынга калктын калың катмарынан жалпы 300дөн ашуун адам катышып, алардын арасында Кара-Көл шаарынын мэри Ильяс Эркеев, Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Ж.Джоробеков, Талас облусунан келген жаштар, аялдар, дин өкүлдөрү, коомдук уюмдар, ИИМдин ардагерлери, Талас жана Жалал-Абад, Кара-Көл аймагындагы милиция кызматкерлери жана жергиликтүү активдин катышуусунда 2 саатка созулган чоң республикалык жыйын болду.

Бул жыныды уюштуруунун максаты – жаштар жана окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, жолугушуу аркылуу региондордогу жаштардын башын кошуу, алардын ортосундагы достукту, ынтымакты чындоо, мекенчилдикке жана патриоттуулукка тарбиялоо болуп саналат.

Ошону менен катар жолугушууда жаштарды туура жолго үндөө, динний экстремисстик уюмдарга жаштардын азгырылбоосу, региондогу жаштардын өз ара тажрыйба, байланышын бекемдөө аркылуу аларга  шарттарды түзүп берүү менен бирге бир топ сунуштар, көйгөйлөр ортого салынды. Мындай демилгени башка облус райондордо да өткөрүп берүүнү жаштар коомчулугунан демилгеленип “Ынтымак кербени” аталыштагы көчмө жыйындар, жолугушуулар, конференцияларды башка аймактарда да эстафета катары өткөрүлөөрү аныкталды.

Жалал-Абад жаштар коомунун мүчөлөрү белгилеп кеткендей облустук милициянын кылмыштуулукту алдын алууда, жарандар менен өз ара мамилени арттырууда буга чейинки жасаган иштерине токтолуп өтүштү.

Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Ж. Джоробеков жаштардын жаңыча кенен маалыматтуу,  интеллектуалдык заманбап ой жүгүртүүсү жогору экендигине токтолду жана коомубуздун коопсуздугун, мамлекеттин стабилдүү өнүгүсүүнө жаштарга туура тарбия берүү, жоопкерчилигин жогорулатуу, аларга көңүл буруу учур талабы экендигине басым жасады. Мындай иш-чараны алдыңкы тажрыйба катары баалап бөлөк райондордон да ИИОнын жетекчилик курамы да күбө болушту.

Эки облустун жолугушуусу спорттук мелдештер менен жыйынтыкталды.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүрдө жугуштуу илдетке байланыштуу түшүндүрүү иштери...

Таш-Көмүрдө жугуштуу илдетке байланыштуу түшүндүрүү иштери...

Таш-Көмүр шаарынын мэри Рахман Асаналиев, ШИИБдин начальниги, милициянын подполковниги Азенбек...

Аймак 2020-05-21  17:25

Ноокен базарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суу бойлоруна...

Ноокен базарында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, суу бойлоруна...

Ноокен РИИБдин кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте коронавирус илдетинин...

Аймак 2020-05-21  17:36

Чек арада өрттөлгөн үй үчүн Кыргызстан төлөйт

Чек арада өрттөлгөн үй үчүн Кыргызстан төлөйт

8-май күнү кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышууда өрттөлгөн үйдүн чыгымы эсептелип бүтө элек. Эки...

Аймак 2020-05-12  14:02

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасындагы бир постту жабууну пландап...

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасындагы бир постту жабууну пландап...

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасындагы бир өткөрмө бекетин жабуу маселесин караштырып жатат. Бул...

Аймак 2020-05-12  14:08

Ала-Букада эки согуш ардагерине автоунаа белекке берилди

Ала-Букада эки согуш ардагерине автоунаа белекке берилди

Ала-Бука району. 9-май 2020-жыл.

Район борборундагы жеңиш монументинде өткөн чакан салтанатта...

Аймак 2020-05-09  17:15

Милиция: Чаткалда медкызматкерди муунтуп, баш ийбегендердин окуясы...

Милиция: Чаткалда медкызматкерди муунтуп, баш ийбегендердин окуясы...

Чаткал району.

Райондук ички иштер бөлүмү дарыгерлердин талабына баш ийбей, кол көтөргөндөрдүн...

Аймак 2020-05-07  13:05

Баткен жана Жалал-Абад облустарында селдин кесепетин жоюу иши...

Баткен жана Жалал-Абад облустарында селдин кесепетин жоюу иши...

Аксы району. 3-апрель, 2020-жыл.

Баткен жана Жалал-Абад облустарында 2-3-майдагы селдин кесепеттерин...

Аймак 2020-05-04  12:28