KELECHEK
rek

Жалал-Абад облусунда жаңы окуу жылына карата 17,5 миң окуучу алгач мектеп босогосун аттайт

Жалал-Абад облусунда жаңы окуу жылына карата 17,5 миң окуучу алгач мектеп босогосун аттайт

Жалал-Абад облусунда 2015-2016-окуу жылында 1402 орундуу 6 мектептин курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу 19-августта КР өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө коллегияда айтылды.

Коллегияда өкүлчүлүктүн социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Аширова облустун аймагындагы жалпы билим берүүчү уюмдардын жаңы 2016-2017-окуу жылына карата даярдыктары жөнүндө баяндама жасады. Анын айтымына караганда, облус аймагындагы 473 жалпы билим берүүчү мектептердин баары жаңы окуу жылына карата даяр.

- Жаңы окуу жылына карата биринчи класска кабыл алуу август айынын оперативдүү эсеби боюнча 17 миң 453 окуучуну түзөт. Жалпы билим берүүчү мектептерде билим сапаты  0,5 пайызга жогорулап, 52,7 пайызды түздү. Учурда жалпы билим берүү мекемелеринде 15 миң 618 педагогикалык кзматкерлер талап кылынса, 2015-16 –окуу жылында 15 миң 282 педагог эмгектенген. 2016-жылдын 1-августуна карата 204 мугалим жетишпейт, же болбосо өткөн жылга салыштырмалуу 145 мугалимге азайган. Негизинен орус тилдүү мектептерде химия, математика, биология, англис тили предметтери жана башталггыч класстар мугалимдери жетишпейт, - деди Г.Аширова.

Анын айтымында, ошондой эле жаңы окуу жылында Базар-Коргон районуна караштуу Талды-Булак айыл аймагындагы Ж.Турусбеков, Ж.Бөкөнбаев атындагы жатак мектеби, Ала-Бука районундагы Жумабаев, Сузакта №105 К.Осмонов мектептери республикалык бюджеттен, Түркиянын грантынын эсебинен Ноокенде Матсаков мектеби бүткөрүлүп жатса, Сузактагы Н.Алыкулов атындагы орто мектеп жергиликтүү бюджеттин жана элдин салымы менен бүткөрүлүп, пайдаланууга берилген.

Жаңы 2016-2017-окуу жылында Жерүй алтын кенинин эсебинен каржыланган 1925 орундуу 10 мектеп пайдаланууга берилет. Ошондой эле, учурда республикалык бюджеттин эсебинен 20, Жерүй алтын кенинин эсебинен каржыланган 18 мектептин имараттарынын курулуштары жүрүп жатат.

Жалпы билим берүүчү мектептердин утурумдук оңдоп-түзөөлөрүнө республикалык бюджеттен 18 млн 184,5 миң сом, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50519,1 миң сом, демөөрчүлөр жана ата-энелер тарабынан 62104,1 миң сом акча каражаты бөлүнүп, ремонт иштери жүргүзүлгөн.

Мектептерди текшерүүгө алган жумушчу топ былтыркы жылга салыштырмалуу мектептерди оңдоп-түзөө иштери жакшырып, мурда айтылган кемчиликтер жоюлганын белгилеп  кетишти.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30