KELECHEK

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап калууга болот?(ФОТО)

Зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдарды суицидден кантип сактап калууга болот?(ФОТО)

Үй-бүлөнүн ичинде өкүм сүргөн зомбулук проблемасы көпчүлүк учурда азап чеккен курмандыктын үн катпай тим болушу жана жасалган жорук-жосундардын жазасыз кала бериши мыйзам ченемдүү түрдө чоң кылмыштарды жасоого алып келип, үйдө ээнбаштанган зөөкүрлөрдүн киши өлтүрүшүнө түрткү болот.

Үй-бүлөдөгү тиричиликтен улам келип чыккан жаңжалдын негизинде киши өлтүрүү жана денесине оор жаракат келтирүү катталган бардык кымыштардын ичинен ашык-кеми жок 15 пайыздан 20 пайызга чейин түзө тургандыгын кылмыш жаза боюнча берилген статистика айгинелеп турат. Үй-бүлөдөгү зомбулуктун жогору экендигин аялдарга жардам көрсөтүүчү социалдык “Сезим”, “Шанс”, “Үмүт”, “Ак жүрөк” кризистик борборлоруна кайрылып жаткан аялдардын саны арбып бара жаткандыгынан билүүгө боло тургандыгын адистер айтып келе жатышат.

Ошондой эле, кризистик боборлорго кайрылуу жолун билбей, өз укугун коргой албаган аялдар арабызда жүздөп саналат. Көпчүлүк аялдар үй-бүлөсүндө зомбулукка учураган мезгилде кордукка чыдабай өзүнүн жанына кол салат, же болбосо ур-токмокко алган күйөөсүнөн кутулуу үчүн ар кандай кылмаштарды жасай тургандыгын атайын иликтөөлөрдүн жыйынтыгынан билүүгө болот. Жакында бир жакын таанышымдын үйүнө барып калып, анын күйөөсү менен болгон араздашуусуна күбө болдум. Гүлкайыр эки кыздын энеси, жолдошу Таалай менен Ош шаарында жашайт.

“Таалай кызганычтан улам, мени коңшуларым менен да сүйлөштүргүсү келбейт. Кээде кол көтөрүп, уруп-сабап, ар кандай сөздөр менен мазактап келет. Бул кордуктан кутулуу үчүн мен эки жолу өзүмдү өзүм өлтүрүүгө аракет жасадым. Башым ооруп, жүрөгүм кысылып жатып калсам, Таалай жардам бербей койгон учулар көп болот. Жүрөгүм кысылып, жашагым келбей кетет” – деп бышактап ыйлап, өзүнүн ден соолугу начарлап бара жатканыдыгын  Гүлкайыр айтып берди.

Анын айтымында, өткөн жылы күйөсү мурдун канжалатып уруп-токмоктогондон кийин аргасыз милицияга кайрылган. Өзү дарыланып ооруканага жаткан. Бирок, андан деле жыйынтык чыкпай, уруп-токмоктоосу адатка айланып калган. Гүлкайыр Ош шаарындагы “Ак жүрөк” кризистик борбору бар экендигин да билген эмес. Мына ушул окуяга күбө болгондон кийин, бул жаш үй-бүлөнү өз очокторун сактап калуу үчүн дагы бир чыр-чатак болсо, кризистик борборго кайрылып, психологдон кеңеш алуу зарылдыгын түшүндүрдүм.

“Кылмыш иштерин иликтөөлөрдүн берген баамына караганда, катталган бардык киши өлтүрүүлөрдүн 30 пайызга чейинкиси туугандардын ортосунда болот экен. Күйөөсү аялын өлтүргөн бир учурга аялы күйөөсүн өлтүргөн жети учур туура келет. Степной айылындагы №36/2 атайын мекемесинде камакта жаткан аялдардын кылмыш жаза иштерин иликтөө аялдар көпчүлүк учурда өзүн коргоо иретинде, же күйөөлөрүнүн аракечтигинен тажаганда, сабап урганда, балдарды мазактаганда киши өлтүрүүгө бара тургандыгын көрсөткөн. Мындай аялдардын үч же андан да көп жашы жете элек балдары бар. Азыркы учурда бул балдар, бага турган адамы жок болуп балдар үйлөрүндө жана интернаттарда тарбияланып жатат.”, - деп билдирет “Диамонд” ассоциациясынын өкүлү.

Буга мисал катары, Жалал-Абад шаарындагы “Ак-Жол” балдардын реабилитациялык борборунда беш бир тууган бир жылдан бери тарбияланып келе жаткандыгын айтууга болот. Аталган борбордун жетекчиси Эркингүл Саркарованын айтымында, бир жылдан бери Базаар-Коргондон келген беш бир тууган борбордо тарбияланып келе жатышат. Алардын тагдыры азыркы учурда арасат абалда турат. Үй-бүлө зомбулугунан улам апасы өткөн жылы каза болуп калган.

“Балдардын атасы ар дайым апасын ур-токмокко алып келген. Акыркы жолу урганда балдардын апасынын ичегеси үзүлүп кетип, ошондон каза болгон. Ошонун айынан атасы 13 жылга түрмөгө камалып кетти. Апасы каза болгондо эле балдарды тиешелүү органдар борборго алып келип тапшырышкан. Учурда балдар кимдин багуусунда калат деген маселе талаш жаратып жатат. Балдар реабилитациялык борборунун талабына ылайык, борбордо алты ай гана кармалууга тийиш, бирок бир туугандарды кармоо мөөнөтү өтүп кетти. Ошол себептүү, азыр тийиштүү тараптарга балдарды алып кетүү боюнча билдирүүлөрдү берип жатабыз. Үй-бүлөнүн улуу кызы  15 жашта болсо, эң кичүүсү беш жашта.”, - дейт Э.Саркарова.

 “Ак жүрөк” кризистик борбору зомбулукка дуушар болгондорго жардам берет

Ош шаарында үй-бүлөдөн зордук-зомбулукка учураган аялдарга, балдарга жардам бере турган “Ак жүрөк” кризистик борбору бар. Бул борбордун жетекчиси Дарика Асилбекова эженин айтымына караганда, борборго  Кыргызстандын түштүгүнөн Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынан үй-бүлөдөн зордук-зомбулукка дуушар болгон аялдар кайрылышат. Борборго кайрылгандардын купуялыгы, анонимдүүлүгү сакталат.

- Аялдар, балдар арасында болуп жаткан көйгөйлөрдү азайтабыз деп жаткан менен бул проблема акыркы мезгилде күндөн-күнгө көбөйүп бара жатат. Биз 2002-жылы Ош шаарында уюшулганбыз. Атайын  4-59-76 деген түз телефон иштейт. Телефон аркылуу психологиялык, юридикалык, реаблитациялык иштерди алып барабыз.  Борборго 2012-15 жылдар аралыгында бир гана аялдар эмес, эркектер, балдар, жашы улгайган адамдар кайрылды. Социалдык коргоо министрлиги колдоого алып, борбордо реаблитациялык канал, психолог иштейт. Кризистик борбордо убактылуу жашай турган жашыруун жай (убежище) бар. Бул 12 орундуу жайды көпчүлүк деле биле беришпейт, түштүктө бирөө гана. 2009-жылы кризистик борбордун алдында ачылган. Ош облустук мамлекеттик администрация менен 2020-жылга чейин меморандум түзүп, алар имаратты бекер, коммуналдык төлөмдөрү жок беришти. Убактылуу жашай турган жашыруун жайга келген аялдар ушунчалык басымга дуушар болуп, депрессияга туш болгон абалда келишет. Алардын үй-бүлөсү менен сүйлөшүүлөр жүрүп, соттук процесстер болуп жатканда өздөрүн алаксытып, тигүүчү машина менен көбүнчө колго кийимдерди тигишет. Борбордо 12 күндөн 18 күнгө чейин жашоого болот. Кээде соттук териштирүүлөр 3-4 айлап созулуп кетет. Ошол мезгилде да оор кырдаалдан чыгуунун жолун издейбиз. Жакын туугандарына барып,  соттук процесстерге катыша беришет. Бирөө бара турган жери жок 1 жыл 7 ай жашоого туура келди. Ал жетим кыз, бара турган жери жок болчу. Кайсы райондон, же шаардан келсе жергиликтүү бийлик менен байланышып, соцкызматкерлер менен чогуу сүйлөшүп жатып, маселени оң жагына чечип, чоң энесине кызды өткөрүп бердик,- дейт Д.Асилбекова.

Дарика Асилбекованын сөзүнө караганда, “Ак жүрөк” кризистик борборунда 9 ай жашаган 17 жаштагы кызды өзүнүн ата-энеси никеси жок төрөп койгон үчүн кабыл алуудан баш тартып коюшкан. Кризистик борбор кызды ата-энесине кайтаруу үчүн айыл өкмөттү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн ортого салып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышып, абдан конфликтерден кийин гана кызды үй-бүлөсүнө кошкон. Кызды апасына жүктөп,  өткөрүп беришкен. Азыр ал кыз Москвада иштеп жатат. Убежищенин бардык шарты тузүлгөн.

“Кризистик борбордогу убактылуу жашай турган жашыруун жайга биринчи жолу 2009-жылы 20-июнда А. Абдурасулова Бишкектен таластык бир кызды жөнөткөн. Ошондон бери ушул аралыкта 307 аял, 116 баланы кабыл алдык. Биз бул аялдардын ар бирине контракт түзүп, карточка ачып, кандай иштерди жасаганыбызды жазабыз. Көпчүлүгү 7 жашка чейинки балдар. Эне жабыр тарткан жерде бала да жабыр тартып жатат. Тамга тааныбаган балдарга соцкызматкердин жардамы менен билим беребиз. Жактоочу ар бир аялдын тагдыры үчүн иш алып барат”, - деди Д.Асилбекова.

Эженин айтымында, азыркы учурда колунда бар эле эркек аялын уруп-токмоктоп жатат. Ал эркек акчасын өзү бекитип коюп, кайра аялын алып койдуң деп уруп-токмоктойт. Анын максаты - жаш  аял алыш керек экен. Жакын туугандары да бул аялыңды күң кылып кой, балдарын багып, ишин кылып жүрө берсин, өзүң болсо жаш аялың менен жашай бер дешет экен.

“Муну сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес. Бул келин эки жолу өзүн-өзү өлтүрүүгө барган. Күйөөсү телефондон ар кандай уят сөздөр менен сөгөт. Ортодо үч баласы бар. Ал келинди кайда жайгаштырарымды билбей, көп кыйналдым. Дагы бир колунда бар эркектин төртүнчү жаш аялы борбордо жашап жаткан. Анын күйөөсү алдап алып кетип, колуна 20 миң сомду берип, кайра эле колундагы таягы сынгыча токмоктоп, буту колун майдалап сындырып салган. Мунун баары эркектердин көпкөндүгүнөн улам болуп жатат. Акыркы мезгилде мен эмне кылаарымды билбей, аябай таасирленип кыйналып жатам. Жергиликтүү бийлик менен тыгыз иштешип, маселени чечүүгө аракет кылып жатабыз. Кыйынчылыкта жүргөн келиндер майып балдарды төрөп жатат. Аны күйөөсү энеден көрөт. Майып баланы багуу эне үчүн азап экенин айтпай эле койсом болот”, -деп кайгырат Дарика эже.

Жалал-Абад облусу боюнча 405 атуул үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын алты айында облус боюнча 405 атуул үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгон. Алардын ичинен 398 эркекке, 7 аялга убактылуу коргоо ордерлери берилген. Ошондой эле, расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда үй-бүлөлүк жана балдар зомбулугу өсүүдө. 2015-жылы балдарга каршы жасалган 1019 кылмыш катталган, алардын 182си сексуалдык мүнөздө болуп, 74 бала зомбулукка кабылган.

Ал эми Жалал-Абад облустук прокуратурасынан алынган маалыматка караганда, 2016-жылдын 1-жарым жылында үй-бүлөнү, энеликти, аталыкты жана балалыкты коргоо жөнүндө мыйзамдардын, анын ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышы боюнча облустун прокуратура органдары тарабынан жалпысынан 18 текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен 2 каршылык билдирүү, мыйзамдардын бузулушун четтетүү жөнүндө 12 сунуш, 5 талап келтирилип, келтирилген прокурордук чара көрүү актыларын кароонун жыйынтыгы менен 23 кызмат адамы тартиптик жазага кириптер болгон.

Мындан сырткары, эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жалпысы болуп 17 текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен мыйзамдын бузулушун четтетүү жөнүндө 16 сунуш, 5 талап келтирилип, мыйзамды бузууга жол берилбестик жөнүндө 1 кызмат адамына эскертилген. Келтирилген прокурордук чара көрүү актыларын кароонун жыйынтыгы менен 10 кызмат адамы тартиптик жазага кириптер болгон.

Ошону менен бирге, Жалал-Абад облусунун прокуратура органдары тарабынан мезгил-мезгили менен үй-бүлөнү, балалыкты коргоо маселеси боюнча жолугушуулар, окуу жайларында семинарлар өткөрүлүүдө.

“Каниет” КБнун ордуна муниципалдык кризистик борбор ачуу аракети жүрүп жатат

Жалал-Абад шаарында “Каниет” кризистик борбору иштеп, үй-бүлөдөн жабыр тарткан аялдарга ар тараптуу жардам берип келишкен. Бирок, эмнегедир акыркы 5 жыл аралыгында бул борбордун эмне иш жасап жатканы эч кимге белгисиз болуп калды. Үй-бүлөдөн жабыр тарткан аялдар кайда барып жардам сурарын да билишпейт. Айрымдары Ошко “Ак жүрөк” кризистик борборуна барып, жардам алып жатканын аталган борбордун жетекчиси Дарика Асилбекова билдирди.

“Каниет” кризистик борборунун жетекчиси Мимоза Нуракова менен телефон аркылуу байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду. Жолдошу Адыкулов Маданбектен сурасак, иш сапар менен Аксы, Ала-Бука райондорунда жүргөндүгүн билдирди. Кризистик борбор иштеп жатат деп айтканы менен эшигин желе басып, кире бериш жерин куураган дарактын жалбырактары каптап, көптөн бери адам буту баспагандыгы көрүнүп турат. Бейөкмөт уюмбуз деп эле, таптакыр ишти таштап койгондун өзү жабыр тарткан аялдардын тагдырына кайдигер мамиле жасап жатканы айтпаса да айгинелеп турат.

Ал эми шаардык мэриянын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулованын берген маалыматына караганда, “Каниет” кризистик борбору үчүн муниципалдык имараттан эки бөлмө бөлүнүп берилген. Алар өкмөттүк эмес уюм болгондуктан, текшерүүгө алып, отчетун алыша элек. Бирок, жакында шаардык “Боорукердик” борборунун алдында муниципалдык кризистик борбор ачуу боюнча Жобосу жазылып, шаардык кенештин сессиясына сунушталган. Депутаттар штаттык бирдиктери кыскартылсын деп кайра кайтарып беришкен.

“Жогорку нстанциялардан бизге зордук-зомбулукка кабылган балдар үчүн кризистик борбор ачуу боюнча токтомдор келген. Бизде 2 учур болгон, 6 жашка чейинки эки бир тууганды жана 9 айлык кызды таштап кеткен. Аларды кайда жиберерибизди билбей, социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери өздөрүнүн үйүндө багышкан. Муниципалдык кризистик борбордун Жобосу иштелип чыгып, сметасы бекитилип, экинчи жолу шаардык кеңешке сунушталды”, - дейт Г.Базаркулова.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын шаардык кайрымдуулук борборунун жетекчиси Талант Касымовдун сөзүнө караганда, 2016-жылдын 121 жумушчу күн ичинде 308 аз камсыз болгон калктын социалдык аяр катмарындагы шаар тургундары түшкү ысык тамак менен жана тирчилик кызматынан (чач тарач, өтүк уста) акысыз пайдаланышкан. Ошол себептен, борбордун алдында ар кандай түрдөгү кордук-зомбулукка кабылган жана турмуштук кыйын абалга тушуккан аялдар жана жашы жете элек 6 жашка чейинки балдар үчүн убактылуу туруучу кризистик жай борбор жөнүндө Жобосу жазылып, 3,5 штатка 326 миң 340 сомду жергиликтүү бюджеттен сурап жатышат. Борбордун Жобосун шаардык кеңешке сунушташкан. Шаардык кеңештин депутаттары алты айдын жыйынтыгы менен карап беребиз деп убадалашкан.

“Маселе оң жагына чечилип калса, кайрымдуулук борбор менен тыгыз иштей турган, график менен күн-түн иштеген кризистик борбор ачалы деп жатабыз. Эгерде чечилип калса, ар дайым иштеген, көзөмлдөөгө боло турган ишкана болот эле. Биз “Каниет” кризистик борборунун имаратына жакын жайгашканбыз. Ошондуктан, ал жерге кошумча штат сурабайбыз. Борбордун жетекчиси, жетектөөчү адиси, дарыгер – психолог, тазалык сактаган техничка штаттарын бекитип берүүнү суранып жатабыз. Депутаттар колдоп берсе, кийин булар долбоорлор, донорлор менен иштеп калышы мүмкүн. Алгач иш жолго туруш үчүн, жергиликтүү бюджеттен каржылап туруу керек. Алдын ала 3-4 адамга ылайыкташып түзүлөт. Шаарда үйүнөн качып чыккан көчөдө жүргөн 6 жашка чейинки балдар көп болот. Аларды 10 күн кармап, анан кайсы жерден келгенин аныктап, психолог ата-эенси менен иш алып барып, баланы үй-бүлөсүнө кайтарууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Бизге үй-бүлөсүнөн кордук көрүп, кайда барарын билбеген аялдар да келип турушат. Ошондой үй-булөдөн кордук көргөн аялдарга да убактылуу жашап турганга, кайра үй-бүлөсүнө кайтып кетүүсүнө жакшы шарт түзүлмөк”, - дейт Т.Касымов.

М.Жоробаева: “Кризистик борбордун жоктугунан кайда барарын билбей тыттардын алдында отурган аялдар бар”

Жалал-Абад облусунда жалпы 1698 мүчөдөн турган 83 коомдук алдын алуу борборлору иштейт. Ошондой эле, 140 аксакалдар соттору, 779 мүчөлөрү, 92 аялдр кеңеши анын 404 мүчөлөрү, 86 жаштар кеңештери, 431 мүчөсү бар. Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан укуктук коргоо жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарына ылайык, жер-жерлерде үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгондор жергиликтүү бийликке, милиция органдарына, прокуратура органдарына кайрылып келишет. Бул 10 пайызга жетпеши да мүмкүн, ал эми кайрылбагандар мындан да көп болушу ыктымал. Ошол себептен, аялдардын укуктук билимин өркүндөтүү менен өз укугун коргоо үчүн коомчулуктун да аракеттери активдүү болушу керек.

Шаардагы аймактык башкармалыктарда аксакалдар  соттору менен аялдар кеңештери иштеп, үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болгондордун маселесин жеринде карап келе жатышкандыктары боюнча маалыматтарды беришти. Көбүнчө шаарда коңшулар арасында чыр-чатактар көп катталат экен. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча көп кайрылуу болбогондуктан, мындай маселелер жокко эсе экендигин Спутник аймактык башкармалыгынын аксакалдар  сотунун төрагасы Абдрашит Кадыров менен аялдар кеңешинин төрайымы Зийнат Алпамышова билдирди.

Жалал-Абад шаарынын “Достук”  аймактык башкармалыгынын аялдар кеңешннин төрайымы болуп Мамира Жоробаева 2012-жылдан бери иштейт. Бул төрт жыл аралыгында көптөгөн зордук-зомбулукка учураган аялдар жардам сурап кайрылышкан. Көбүнчө психологиялык жактан, кээ бирине сотторго чейин барып катышып жардам берип келе жатат. Маселе жакшы эле жакка чечилип келе жатат. Шаарда аялдар кеңешини Жобосу жок. Азыркы учурда шаардык аялдар кеңешинин төрайымы шайланбай, бул маселе ордунан жылбай турат.

- Ошого карабастан, шаарда 4 аймактык башкармалыктагы аялдар кеңеши биргеликте иштеп келе жатабыз. Ар бир жылда 20дан ашык аялдар ар кандай проблемалар менен кайрылышат. Ошолорго туура мамиле кылып, маселесин чечкенге аракет кылам. Түн жарымда телефон чалып кайрылган учурлар болот. Күйөөсү токмоктоп, үйүнө киргизбей койгон учурлар да кездешет. Аймактык тескөөчүлөрдү чакырып, алар менен чогуу маселени чечүүгө аракет жасайбыз. Балдары менен кайда барарын билбей, оор абалда калган аялдарга жардам бере турган кризистик борборубуз жок. “Каниет” кризистик борбору болсо иштебей калды. Кризистик борбордун жоктугунан улам, ошондой аялды 2 күн өз үйүмдө кармадым. Мага кайрылган аялдардын проблемасын мэрияга барып чечип бергенге аракеттер жүргүзүлөт. Зомбулукка учураган аялдарга жардам бериш үчүн өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз иш алып барам. “Ынтымак жарчылары” менен бирге да зомбулукка учураган аялдардын маселесин чечип беребиз. Кайын энеси батырбай, үйүнөн чыгарып жиберген келинди убактылуу жашай турган жери жок кыйналганда, ага жардам бердим. Беш баласы менен күйөөсү таштап, башка бирөөгө үйлөнүп алган келин кайрылды. Ал балдары менен ичерге тамагы жок оор абалда калышкан экен. Бул келиндин маселесин күйөөсү менен телефон аркылуу сүйлөшүп, маселесин оң жакка чечтик. Азыр күйөөсү акча салып жатыптыр. Бизге кайрылган зордук-зомбулукка учураган 13 келин-кызды  Улуттук “Кызыл Ай” коомуна жиберип, ал жерден алар тикмечилик кесипке ээ болушту.

Кыйынчылыкка дуушар болгон аялдар өтө көп. Көпчүлүк аялдар өздөрүнүн укугун коргой албай, оор кырдаалдан чыгып кетүү үчүн жол таппай кыйналышат. Кризистик борбордун жоктугунан кайда барарын билбей тыттардын алдында отурган аялдар бар. Үйүнөн качып чыгып кайда барарын билбей, бүтпөгөн үйлөрдө, сөрүлөрдүн алдында отуруп, түндү өткөрүшкөн учурлар болот. Атасынын үйүнө барайын десе, ал жерге да күйөөсү барып тополоң салат. Соолукканга чейин бир жерде отуруп турган жай жок деп кайгырышат Ошол себептен, шаарга кризистик борбор керек - дейт М.Жоробаева.

“Он бир жыл чогуу жашап, үч балам менен эми кайда барам?..", - дейт Асия.

Жакында эле Сузак районунун Багыш айылдык аймагынын тургуну Шайымкулова Асияны 11 жыл бирге жашаган күйөөсү Ренат 3 баласы менен үйүнөн кууп чыккан. Ренат үйлөнгөндөн кийин Россияга иштегени кетип, жыл сайын кыш мезгилинде гана үйүнө келип турган. Асия кайын ата, кайын энеси менен чогуу жашаган. Бул аралыкта алар үч балалуу болушкан. Бир жыл мурун Россиядан келип, Бишкекте иштей баштаган. Бирок, үй-бүлөсүн өзүнүн жанына алып кетүүнү ар кандай шылтоо менен каалабай келген. Асия кыргыз-түрк лицейинде медик болуп иштегендиктен, каникул учурунда балдарын алып Бишкекке барышса, күйөөсү Ренат башка бирөөгө үйлөнүп алганын, бир баласы бар экенин айтып, жашап жаткан үйүн бошотуп коюсун талап кылган. Сузакка үйүнө келишсе, артынан Ренат үйлөнүп алган аялы менен келип, Асияны 3 баласы менен үйүнөн кууп чыгат. Ал кайда барарын билбей, Жалал-Абад шаарына атасынын үйүнө келип жашай баштайт. Бул аралыкта ал айылдык өкмөткө, Октябрь аймактык милиция бөлүмүнө өзү жашап жаткан үйдү алып калуу аракети менен арыз жазып кайрылды. Күйөөсү болсо, ажырашуу боюнча сотко арыз жазып коюптур. Ошентип, 11 жыл жашаган күйөөсү Асияны бир буюм сыяктуу үч баласы менен жолго таштап, өзү акчалуу аялдын колун кармап кете бериптир.

“2005-жылы жолдошум экөөбүз үйлөнүп, 2 ай дегенде ал Россияга кеткен. Эки баласы төрөлгөнүн көргөн жок. Үчүнчү уулу төрөлгөндө гана көрдү. Балдар кантип өскөнүн көргөн жок, балдарга мээрими да болбоду. Тур десе туруп, отур десе отуруп, 11 жыл чогуу жашадык. Чогуу салган үйүбүз бар. Мени үйдөн чыгып кет деп толтура смстерди жазды. Мен милицияны, аксакалдар сотун чакырдым. Аксакалдарга да ыйлактап бардым, чакырсам келбей коюшту. Эмне үчүн 11 жыл жашап, көчөдө калышым керек? деп арыма келдим. Мен балдарыма үйдү алып беришим керек. Булардын келечеги эмне болот? Салган үйүбүздүн ашканасы гана бүткөн. Бул үйдүн документи кайын энеме жазылган. Сен салган эмессин, сенин тиешең жок деп жатат. Кайын энем ар дайым курорт менен санаторияларда ден соолугун бекемдеп жүрдү. Көбүнчө кайын атамды карадым. Үйлөнгөндөн бери мени ээрчитип бир жерге барган жок. Кышында гана келип, анан кайра кетчү. Менин жаштыгым күтүү менен өттү. Ойлоп көрсөм 11 жыл ичинде биз чогуу 3 жыл гана бирге жашаптырбыз”, - дейт Асия.

Дагы бир каарманым Зарина шаарда жолдошу менен батирде жашап жүргөн. Бир күнү бир шылтоо таап, башын дубалды сүздүртүп аш жайган увалик менен токмоктоп урган. Ошондон кийин, ал ооруканага түшүп, анан милицияга арыз жазып кайрылган. Бирок, чоң муштум күйөөсү ал ооруканага жаткан учурда батириндеги буюмдарын алып, Базар-Коргонго айылга ата-энесинин үйүнө кетип калган. Бир да жолу ооруканага барып кабар алган эмес. Ооруканадан чыккандан кийин келип, Заринадан кечирим сурап чогуу жашап жүрүп, кайра эле баягы ур-токмогун башатаган. Акыры милицияга тосмо арыз жазып берип, тергөөчүгө 10 миң сомун да өзү төлөп, чоң муштум күйөөсүнөн кутулган.

“Мен күйөөм менен 1,5 жыл чогуу жашаган мезгилде денемден көк кеткен жок. Биринчи Арстанбапта тоодо мал багып жашадык. Кичине бир нерсе жакпай калса эле, таяк менен же тепкилеп көк ала кылып сабап жүрдү. Инилери карап туруп, болушуп да коюшчу эмес. Акыры ата-энем билип калып, алып кетип калышты. Күйөөм жаңгак бышканда келип кайра алып кетти. Барган күндүн эртеси кайра эле токмоктоп урганын баштады. Айлам жок жашап жүрүп, жарым жыл мурун Жалал-Абадга келип батирде жашап жатканбыз. Күн алыс токмоктоп урат да, анан кечирим сурап, жалдырап кирсе, кайра эле алданып калчумун. Мурдагы аялын да ушинтип урчу экен. Ал ыйласа, эмне үчүн ыйлап жатасын деп уруп, жадагалса, ал аялдын ыйлаганга да акысы болгон эмес экен. Мени көбүнчө жатыныма уруп жүрдү. Жатынын бирөөгө көрсөтө албайт деген ойдо муштап урса керек деп ойлоп калам. Өзүм медикмин”, - дейт Зарина.

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жабыр тарткан аялдар Акыйкатчыга кайрылган учурлар да болот. КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаевдин сөзүнө караганда, үй-бүлөлүк маселелер  менен көп  кайрылышат. Акыйкатчы институтунда гендердик саясат  боюнча бөлүм бар. Алар  үй-бүлөдөн  жабыр  тарткандардын  арыздарын  карашат. Кайрылган  учурлар  көп,  анан алимент маселеси боюнча да кайрылышат.

- Түрмөдө жаткан аялдардын көпчүлүк пайызын үй-бүлөлүк зомбулукка чыдабай, кылмышка баргандар түзөт деп жатышат? Ушул фактыга токтолуп кетсеңиз?

 - Туура  айтасыз, жакында  анализ жүргүзөлү деп жатабыз   Буга  чейин да  бир топ  анализдер жүргүзүлгөн, жылдык докладыбызда да көрсөттүк. Мунун баары үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам болуп жатат. Кечээ эле  бир  интернет сайтка  баткендик  келиндин  интервьюсу  чыкты.  Күйөөм урчу эле,  кордочу деп айтып жатат. Анан ар бир үй-бүлөнүн өзүнүн жеке жашоосу, турмушу бар  деп  коёбуз.  Бирок,  ошол  эле  убакта  жанагы  ичип  алып,  жиндилик  кылып,  аялдарды кордогон   учурлар     көп. Менимче, ички иштер органдары, жергиликтүү бийлик, аксакалдар соттору, аялдар кеңештери чогуу иштеш керек. Кайсы үйдө кандай проблема болуп жатса, ага кайдыгер карабашы зарыл. Биз  эми  жакшылап  мамлекеттик  бир  программа  иштеп  чыгып,  мен  айткан  бийлик бутактарынын  күчүн  мобилизациялап,  маселени  чечиш  керек.  Анан  аялдардын  укуктуктарын түшүндүрүү иштерин коомчулук менен бирге жасаш керек деп эсептейм, - дейт К.Оторбаев.

Анархан Жаңыбаева, "kogart.kg".

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад облусунда квалификациялуу юридикалык жардам алгандардын...

Жалал-Абад облусунда квалификациялуу юридикалык жардам алгандардын...

Жалал-Абад облустук юстиция Башкармалыгынын кызматкерлери 26-июнь күнү жарандарга бекер...

АНАЛИТИКА 2019-06-24  19:11

Жалал-Абадда “Баардыгы үчүн коопсуз кан!” акциясы өттү (ФОТО)

Жалал-Абадда “Баардыгы үчүн коопсуз кан!” акциясы өттү (ФОТО)

Жыл сайын 14-июнь – Эл аралык Донорлор күнүнө карата Улуттук Кызыл Ай коому ар түрдүү ураан менен ар...

АНАЛИТИКА 2019-06-18  11:31

Катаракта 20 миллион адамды сокурлукка алып келген (ФОТО)

Катаракта 20 миллион адамды сокурлукка алып келген (ФОТО)

Акыркы мезгилдердеги глобалдык экологиялык проблемаларга байланыштуу, Дүйнө жүзүндө 240-250 миллион...

АНАЛИТИКА 2019-06-10  21:03

Ден соолук - бардыгы үчүн! (ФОТО)

Ден соолук - бардыгы үчүн! (ФОТО)

Жыл сайын 7-апрелде – Бүткүл Дүйнөлүк ден соолук...

АНАЛИТИКА 2019-04-08  04:05

Окуучулардын “Алтын сертификат” алуусуна түрткү берген Гүлжан...

Окуучулардын “Алтын сертификат” алуусуна түрткү берген Гүлжан...

Жалал-Абад шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу Михаил Бабкин атындагы №1...

АНАЛИТИКА 2019-03-30  20:23

Мугалим – мөмөлүү дарак! (ФОТО)

Мугалим – мөмөлүү дарак! (ФОТО)

Жалал-Абад шаарындагы алдыңкы мектептердин сап башында турган,  бир кылымга тете тарыхы бар...

АНАЛИТИКА 2019-03-29  18:23

Таланттарды таптаган, сынактардан калбаган «Ариет» балдар...

Таланттарды таптаган, сынактардан калбаган «Ариет» балдар...

Жакында Казакстандын борбору Нур-Султан (Астана) шаарында  өткөн “Астана жылдыздары – 2019"-...

АНАЛИТИКА 2019-03-27  16:22