KELECHEK
rek

Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп өттү

Жалал-Абадда студенттер арасында «Мыктыгер» спорттук мелдеши болуп өттү

Улуу Ата-Мекендик согуштун Жеңишинин 71 жылдык маарекесине карата үстүбүздөгү жылдын 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын жогорку жана орто окуу жайларынын студенттеринин арасында Мекеним менин-Кыргызыстан» долбоорунун алкагында алгачкы жолу «Мыктыгер» аталыштагы аскердик маданий-спорттук тарбиялык иш-чара болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, бул иш-чаранын максаты - кылмыштуулуктун алдын алуу, болтурбоо, жаштарды мекенчилдикке үндөө, баштапкы аскердик даярдыкка тарбиялоо, мекенди коргоо сезимдерин күчөтүү болуп саналат. Иш-чаранын башталышында Жалал-Абад ОИИБнын АБПнын (Атайын багыттагы полку) атайын машыгуулары көрсөтүлдү. Барпы театры тарабынан согуш көрүнүштөрүнөн кыскача  теартлаштырылган  үзүндүлөрдү тартуулашты. Андан соң, командалар мелдешке катышууга кезектерин аныктоо боюнча команданын капитандары чүчү кулак тартышты.

- Ар бир стартка келген командага ошол жердеги жооптуу кызматкерлер кыскача инструктаж өткөрүшүп, командаларды бирин артынан бирин 10 мүнөт аралыкта коё беришти. "Мыктыгер" аскердик даярдык багытындагы спорттук мелдеши жалпы 15 негизги бөлүктөн турат.

Алар: саздуу суу тосмосунан өтүү, жар тосмосунан аркан менен ылдый түшүү, биринчи медициналык жардам көрсөтүү, жар тосмосундагы көпүрөдөн өтүү, граната ыргытуу бөлүгү. Командадан 1 бала, 1 кыз катышат. Ар бир катышуучу противогаз кийип түтүн талаасынан өтүү, окоп казуу бөлүгү, АКС 74у үлгүсүндөгү автомат менен ок атуу, 3 метрлик жар тосмодон бири-бирине жардам берип жогоруга чыгуу, өрт өчүрүүчү жайдан өтүшөт, куралды чачуу жана жыйноо, чатырды орнотуу жана жыйноо бөлүгү. Тор тосмо алдынан сойлоп өтүү жана финишке туу саюу.

-  Ар бир команданын акыркы мүчөсү туу сайылган жерге чыккан мезгилде команда мелдешти аяктады деп эсептелинип, калыстар тобуна ар бир мелдештик өткөөлдүн калыстарынан баалары жөнөтүлдү.

- Мелдешке катышууну аяктаган командалар «Курманбек» фольклордук талаада уюшулган аскердик талаа ашканасынан тамактанышып,жалпы командалар мелдешке катышып бүткөндөн кийин, калыстар тобу жыйынтыкты чыгарууга чогулган мезгилде концерттик программа тартууланды.

КР ИИМнин ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын полковниги Султан Жоошбаев төмөндөгүлөргө токтолду: “Келген коноктордун катарында мелдешке өз көзүм менен күбө болуп жаштардын жалындуу деми байкалууда. Алар менен пикир алышканымда  милиция болгусу келген жаштардын саны арбын экендигин көрүп абдан кубандым. Демек алардын милицияга болгон көз карашы ишеничи түз. Бул деген милициянын эл менен биргеликте жумуш алып барып жаткандыгы. Канчалык жаштардын  арасында “милиция болом” дегендердин саны арбын болсо, демек  ал жерде милициянын кадыр-баркы бар. Башкача айтканда, милиция коомчулук менен тыгыз жумуш жүргүзүп жатат дегенди түшүндүрөт. Дагы бир айта кетүүчү жагдай Жалал-Абадда ынтымак бар экендигине ынандым, бардык жергиликтүү бийлик, дин өкүлдөрү күч түзүмдөрү жаштарды тарбиялоодо, кылмыштуулукту болтурбоо жана бөгөт коюда жапатырмак биргеликте жумуш жүргүзүп жаткандыгы даана көрүнүп турат. Бул Жалал-Абад милициясы уюштурган  “Мыктыгер” иш-чарасын сөзсүз түрдө башка облустарга да жайылтуу зарыл экен”.

Калыстар тобу тарабынан жеңген командалар аныкталып, катышуучулар акчалай сыйлык жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20