KELECHEK
rek

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Улуулардын эрдигин унутпайлы!

Өткөн кылымдын эң оорчундуу окуясы болгон 1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң 147 жоокер согушка аттанышып, анын ичинен 158 миң 247 жоокер кайтпай калган.  Ал эми 8 миң 910 жоокер согуш талаасында алган жарааттарынан улам кайтып келгенден кийин, каза болушкан. Согуш майданынан аман кайтып келген жоокерлер, согуштан кийинки Кыргызстандын өнүгүп-өсүшү үчүн зор салым кошушкан. 

От күйгөн согуштан жаракат алып, аман-эсен өз жерине кайтып келип, Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө салымын кошкон, ардагер Сатыбек Дүйшөбаевди  Аксы районунун Кербен шаардык стадионунда уулдары жана кыздары эскеришип, жаштарга спортттук оюндарды уюштуруп беришти. Эскерте кетсек, 12 жылдан бери ардагердин кичи мекени Ак-Суу айыл өкмөтүндө турнир өткөрүлүп келет.

Дүйшөбаев Сатыбек 1921-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Ак-Суу айылында туулган. Ал 7 жашында атасынан ажырап, энесинин колунда тарбияланган. 1932-жылдан 1940-жылга чейин Ак-Суу, Кербен жанаТаш-Көмүр мектеп интернатында окуп, тарбияланган. 1940-жылдан 25-сентябрында Советтик Армиянын катарына чакыртылган.

Пятигорск  шаарында аскердик милдетин аткарып жаткан учурда 1941-жылы 22-июнда Улуу Ата-Мекендик Согуш башталып, согуш талаасына мобилизацияланган.  1943-жылга чейин 142-аткычтар полкунда кызмат өтөгөн. Полктун командири Сатыбек Дүйшөбаевди 1943-жылдын 10-февралында Махачкала аскер окуу жайынын кыскартылган мөөнөттөгү офицердик окуу курсуна жөнөткөн.  Окуу жайды кенже лейтенант наамы менен аяктап, согуш талаасында фашисттик баскынчылар менен кармашты улантып жатып Сатыбек Дүйшөбаевге ок жаңылып,  жарадар болгон. 

Полктун командиринин сунушу менен  «Согуштагы каармандыгы үчүн» төш белги менен сыйланган. Тбилиси шаарындагы госпиталда даарыланып, жараты сакайганданкийин Түндүк Осетия борборундагы Орджоникидзе взводдун командири, 1943-1944-жылдары Украинанын түштүк фронтундагы батальондун командиринин орун басары болуп, Украинанын түштүгүндөгү фашисттик баскынчыларды кууп чыкканга катышкан.

Согушта өзгөчөлөндүгү үчүн, «Кызыл жылдыз» ордени менен сыйланган. 1944-жылы Украина фронтундагы согушта бутунан оор жаракат алып, Уфа шаарындагы госпиталда даарыланган. Госпиталдан чыккандан кийин Орто Азия согуш округуна Ташкент шаарына жөнөтүлгөн. Ал жерде аскер кызматын даярдоочу үч айлык курсун бүтүп, Сузак аскер комиссариатында экинчи бөлүмдүн башчысы болуп иштеген.

Ал эми 1945-жылкы Чыгыш тараптан Япон милитаристтери СССРге кол салып, киргенде Сатыбек Дүйшөбаев өз ыктыяры менен согуш талаасына аттанган.   1946-жылдын август айында согуштан кайтып келген. Сатыбек  Дүйшөбаев 1952-1954-жылдары Ак-Суу айылынын колхозунда башкарма болуп иштеген. Андан кийин, Жаңы-Жол партиясынын комитетинде инструктор жана катчы кызматын аркалаган. 1956-жылдан баштап, өзүнүн туулуп өскөн жериндеги А.Осмонбеков атындагы Ак-Суу орто мектебинде мугалим болуп иштеген.  Сатыбек Дүйшөбаев өмүрүнүн 31 жылын билим берүү тармагына арнаган. Ондон ашуун медаль жана 3 ордендин ээси.

Жубайы Бүбүайым экөө 8 баланы тарбиялап, өстүрүшкөн.  Бүгүнкү күндө Сатыбек Дүйшөбаевдин уул-кыздары мамлекеттин ар кайсы тармагында эмгектенип жатышат.

Камчыбек уулу Шекербек, Аксы району.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...

Жалал-Абад шаарындагы Тойгонбай Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана...

ТАРЫХ 2016-05-13  11:43

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси

Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы ­Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде «2016-ж­ыл – Тарых жана...

ТАРЫХ 2016-06-23  17:49

Индияда Манастын айкели орнотулат

Индияда Манастын айкели орнотулат

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен...

ТАРЫХ 2016-06-30  10:55

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө

Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун...

ТАРЫХ 2016-07-11  18:07

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...

Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча...

ТАРЫХ 2016-07-15  13:50

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад курорту

Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:13

Жалал-Абаддагы Шор-Булак эс алуучу жана акысыз дарылануучу комплекси

Жалал-Абаддагы Шор-Булак эс алуучу жана акысыз дарылануучу комплекси

Жалал-Абад облусунда жайгашкан касиеттүү ыйык жерлердин сырлары көптөгөн чет жерден келген туристтерди...

ТАРЫХ 2016-08-06  00:28