KELECHEK
rek

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын утурлай Жалал-Абадда аскердик жөө жүрүш болуп өттү

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын утурлай Жалал-Абадда аскердик жөө жүрүш болуп өттү

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын утурлай Жалал-Абад ОИИБдин демилгеси менен өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги астында «Кызматташуу-2016» аталыштагы аскердик жөө жүрүш болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.  

Алынган маалыматка караганда, «Мекеним менин – Кыргызстан» долбоорунун алкагында өткөн иш чаранын негизги максаты – өлкөнүн бүтүндүгү үчүн чеп болгон аскерлердин биримдигин чыңдоо, элдин журт сакчыларына болгон ишенимин жаратуу, аскердик ыкмаларды жаш кызматкерлерге үйрөтүү жана тарбиялоо аркылуу өз ара кызматташуусун күчөтүү болуп саналат.

Жөө жүрүш таңкы саат 5тен тарта башталып, белгиленген жерге жеткенге чейин жөө жүрүштүн катышуучулары Сузак районунун борборун, Жийде жана Достук айылдарын аралап 142 килеметрден тарта 25 км аралыкты каз катар тизилип чуркап басып өтүштү. Андан соң иш-чаранын тартибине ылайык, ок атуу, граната ыргытуу, аркан тартыш, унаа сүйрөө, оор таш (гиря) жана тулку боюн көтөрүү сыяктуу бир топ спорттук мелдештер өтүп, эң жакшы көрсөткүчкө жеткен аскерлер “мыкты” деп аталышып, ОИИБнын ардак баракчалары менен сыйланышты.

Ошондой эле, аскердик талаа ашканасы уюштурулуп, аскерлер тарабынан патриоттук сезимдерди жогорулатуучу ырлар жаңырды.

Аскердик жөө жүрүшкө Жалал-Абад ОИИБдин район-шаарларындагы бөлүмдөрү, УКМКнын, Бажы кызматынын, Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы, ӨКМдин куткаруу кызматы, Тез жардам медициналык кызматы, Ооган жана Баткен коогалаңынын катышуучулары, Аскер комиссариаттарынын кызматкерлери, резервдик курам жана ИИО ардагерлери кошулуп, жалпы миңге чукул мекен коргоочулар катышты.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты

Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...

СПОРТ 2016-09-21  08:45

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...

СПОРТ 2016-09-21  08:52

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...

Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...

СПОРТ 2016-05-02  23:16

"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты

“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...

СПОРТ 2016-05-04  16:08

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Казак спортчуларынын канынан допинг табылды

Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...

СПОРТ 2016-05-05  10:08

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат

Жалал-Абад  шаарындагы “Динамо”  спорт  ордосунда Кыргызстандын  футзал  боюнча  Өлкө...

СПОРТ 2016-05-05  11:51

Жалал-Абад Динамо командасы  футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...

Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...

СПОРТ 2016-05-07  18:20