KELECHEK
rek

Талибдер Өзбекстандын түштүк чегине жакындады

Талибдер Өзбекстандын түштүк чегине жакындады

Ооганстандык Ariana TV телеканалы маалымдашынча, “Талибан” кыймылынын согушчандары Балх провинциясынын Кальдор уездиндеги чек ара бекетине 2-майга караган түнү чабуул жасашкан. Генерал Мир Наима Хайдари чабуулдун мизи майтарылып, Ооганстандын чек ара аскерлери жабыр тартпагандыгын билдирди.

Анткен менен бул маалымат Өзбекстан президенти Ислам Каримовду жооткото албайт. Канткен менен Ооганстандын Кальдор уезди менен Өзбекстандын Термез шаарын болгону Аму дарыясы гана бөлүп турат. Бир кезде амударыялык Термез-Хайратон унаа-темир жол көпүрөсү “достук көпүрөсү” аталчу. Эми аны “тозок дарбазасы” дей турган болушту.

Ушул убакка чейин аскерий иш-аракеттер Өзбекстанды кыжаалат кылчу эмес. Анткени, Балх провинциясында абал тынч эле. Мартта өкмөттүк күчтөр аймакты талибдерден толук тазалайбыз деп ишке киришкен. Антсе да 2-майдагы окуялар талибдердин Кальдор уездинен толугу менен куулуп чыкпаганын айгинелеп турат.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...