KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында аялдардын эл аралык майрамы белгиленди

Бүгүн, 7-март күнү  Жалал-Абад шаарындагы   Барпы театрында  8-март -Аялдардын эл аралык майрамы белгиленди.

Салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков,   шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айымдар жана шаар тургундары катышты.

Калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, жалпы аялзатынын майрамы менен куттуктап,  аялдардын коомдогу орду чоң экендиги баса белгиледи. Ошондой эле шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары, кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыктары үчүн, бир топ мекемелердин кызматкерлерине, ишкер айымдарга шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин Ардак грамота  жана белектерди тапшырды.Иш-чаранын соңунда  концерттик  программа тартууланып, келген конокторго жагымдуу маанай тартууланды.

Белгилей кетсек,  8-март-Аялдардын эл аралык майрамына карата шаар бийлиги ар тармакта эмнектенген, шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкон 200 аялга 500 сомдон акчалай белек берди.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын Маалымат борбору.