KELECHEK

Ала-Букада “Жаш техник” аттуу окуучулар арасында райондук конкурс өткөрүлдү

Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясында “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациянын концепциясынын алкагында райондук телекоммуникациялык диалог: «Санариптештирүү-өнүгүүнүн өзөгү» аттуу регионалдык диалог болуп өттү.

Аталган иш-чаранын алкагында райондогу жаш техниктердин эмгегин баалоо менен, келечектин техник инженерлерине дем берүү максатында “Жаш техник” аттуу окуучулар арасында райондук конкурс өткөрүлүп, “Жаш техник” сынагынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар жана байгелүү орундар ыйгарылды.