KELECHEK

Жалал-Абадла биринчи класска 2300 окуучу кабыл алынды

Бүгүн, Жалал-Абад шаарындагы мектептерде коңгуроо кагылып, жаңы 2019-2020-окуу жылы башталды. Мектептердеги билим майрамына калаанын вице-мэри Руслан Алтымышев,  шаардык мэриянын аппарат башчысы Эрнист Зияйдинов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.

Алар жаңы окуу жылы жалпы мектептер үчүн ийгиликтүү жана жемиштүү болуп, окуучулардын билим алуусуна болгон аракеттерди дагы да күчөтүү керектигин белгилешти.  Ага улай мектеп  мугалимдерине жаратман эмгекти жана сабырдуулукту каалашты.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарындагы жалпы мамлекеттик 20 орто мектепке  2 миң 300 окуучу  биринчи класска кабыл алынды.