KELECHEK

АЛА-БУКА РАЙОНУНДА “ЭЛДЕР ДОСТУГУ ФЕСТИВАЛЫ” БОЛУП ӨТТҮ

Үстүбүздөгү жылдын 16-апрель күнү Жалал-Абад областынын Ала-Бука районуна караштуу Ак-Коргон айылдык аймагында «Элдер  достугу фестивалы» болуп өттү.

Аталган иш чараны Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коому менен биргеликте өткөрдү. Бул майрамдык фестивалда аймакта жашоочу үч улут (кыргыз, өзбек, тажик) өкүлдөрү өздөрүнүн улуттук маданиятынын (ырлар, бийлер, тамактар) баалуулуктарын көргөзмөдө көрсөтүштү.