KELECHEK

Таланттарды таптаган, сынактардан калбаган «Ариет» балдар чыгармачылык борбору

Жакында Казакстандын борбору Нур-Султан (Астана) шаарында  өткөн “Астана жылдыздары – 2019"- аттуу сынакка Жалал-Абаддагы «Ариет» балдар чыгармачылык борбору да катышып, байгелүү 2-3-орундарга жетишип, баалуу белектерди алууга татышты.

Жалал-Абад шаарындагы «Ариет» балдар чыгармачылык борборунун директору Жыпар Аманкулованын берген маалыматына караганда, аталган сынакка Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Россиядан келген жаш таланттар төрт жанр боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүшкөн. Жыйынтыгында, вокалдан, комуздан, бийден (орто тайпадан) 2-орунга, ал эми пианино менен бийдин жогорку тайпасында 3-орунга жетишишкен.