KELECHEK

Президент Сооронбай Жээнбеков жумушчу сапары менен Сузак районуна келди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы Сузак районунун жашоочулары менен жолугушуп, аймактарды өнүктүрүү, кичи жана орто бизнести коргоо, аймактардагы жаңы ишканаларды каржылоо, калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо, өлкөнүн жол инфраструктурасын жакшыртуу, тышкы саясатты жүргүзүүгө багытталган мамлекеттик саясат тууралуу айтып берди.