KELECHEK

Жалал-Абадда энелердин майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди

Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармонияда энелер күнүнө арналган майрамдык салтанат болуп, ага  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, баатыр энелер, эмгек баатырлары, коомдук ишмер айымдар катышышты.   

Майрамдык салтанатта Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Руслан Алтымышбаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Муктарбек Тургунбаев бүгүнкү күндө энелер тынчтыктын жана биримдиктин башаты экендигин белгилешип, жалпы апаларды энелер күнү менен куттукташты.