KELECHEK

ЖАЛАЛ-АБАД: “ӨЛБӨС ПОЛК” ЖҮРҮШ ЖАСАДЫ

Бүгүн, 9-майда Жалал-Абад шаарында эгемендик жылдарындагы экинчи жолку “Өлбөс полк” жүрүшү уюштурулуп, ага шаардагы менчик түрүнө карабастан мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү, шаар тургундары, жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери, ар кайсы улуттук диаспоралардын жамааттары баары болуп 3 миңден ашуун киши катышышты.

“Өлбөс полк” жүрүшү бул жолкусунда шаардын чыгышынан – борбордук аянттан, батыш тарабынан – “Баел” базарынан, түндүк тарабынан – Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелиги жактан “Жеңиш” эс алуу багына карай болду. Шаардын борбордук аянтынан башталган жүрүшкө мекеме-ишканалардын, коомдук бирикмелердин, улуттук диаспоралардын жаматтары жүрүш жасап, аны област жетекчиси Кыянбек Сатыбалдиев баштап жүрдү. Шаардын чыгыш тарабынан башталган жүрүшкө жогорку жана орто окуу жайларынын студенттери, түндүк тарабынан башталган жүрүшкө спорт мектептеринин тарбиялануучулары катышышты.