KELECHEK

Жалал-Абадда Аялдардын майрамы салтанат менен белгиленди

Бүгүн, 6-март күнү Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында облустун район-шаарларынан келген 500гө жакын аялдардын катышуусунда 8-март – Аялдардын эл аралык майрамы салтанат менен белгиленди.

Алгач майрамдык салтанатта ар түркүн кесиптин ээлери болгон аялдардын бейнесине арналган “Аялдар бактысы” аталыштагы тасма көрсөтүлдү. Андан кийин, майрамга катышууга келген эмгектин алдыңкыларына, ардагер апаларга, кыз-келиндерге арналып Жалал-Абад облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын оркестринин коштоосунда жагымдуу музыкалык чыгармалар тартууланды