KELECHEK

Жалал-Абадда Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы майрамдалды

 Бүгүн, 31-августта Жалал-Абад шаарындагы борбордук Эркиндик аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгы жалпы элдин катышуусу менен салтанаттуу белгиленди. Майрамдык иш чаранынын алкагында Жалал-Абад шаарынын тургундары менен конокторго ар кыл ассортименттеги соода-сатык жарменкеси уюштурулду. Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына арналган майрамдык салтанаттын катышуучуларына “Ынтымакчылыкка, достукка жана биримдикке чакырган” атайын театралдаштырылган көрүнүш тартууланды.