KELECHEK

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад жана Ош облустарында болду

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков аймактарга болгон жумуш сапарын улантуу менен, эки күндүк жумуш сапарында Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарына барды.

Өкмөт башчы инфраструктуралык, социалдык объекттер, ишканалардын ишмердүүлүгү, кичи ГЭСтердин курулушу менен таанышып, оңдолуп жаткан аймактык жолдорду көрүп чыкты.