KELECHEK

Жалал-Абадда ар улуттун өкүлдөрү өз каада-салттарын көрсөтүштү

Кечээ, 9-февралда Жалал-Абад шаарында өткөн "Кыргызстанда элдин биримдигин чыңдоодо жаштардын ролу" конференциясынын экинчи бөлүгүндө Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан ар улуттун ыр, бий, каада-салттары көрсөтүлдү. 

Аталган конференцияны КР Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты, Кыргызстан элинин Ассамблеясы менен биргеликте уюштурушкан.