KELECHEK

Кочкор-Ата шаарында милициянын аймактык пунктунун ачылыш аземи болуп өттү

Кечээ, 28-январда Кочкор-Ата шаарынын Луговая участкасында жергиликтүү бюджеттен 1 млн. 900 сомдук каражатка курулган милициянын аймактык пункту менен фельдишердик-акушердик пуктунун имараты пайдаланууга берилди.

Аталган иш-чарага КР Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, КР Жогорку кеңешинин депутаты Тынчтыкбек Шайназаров, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, ОИИБнын башчысы Жеңиш Жоробеков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаар тургундары катышып, милициянын аймактык пунктунун мындан аркы ишине ийгиликтерди каалашты.