KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында II - Эл аралык бизнес-форум болуп өттү

21-июнь күнү Жалал-Абад шаарында II - Эл аралык бизнес-форум өз ишин баштап, ага КР Экономика министрлигинин алдындагы инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинен жана айыл-чарба министрлигинен өкүлдөр, Кытайдан, Россиянын бир катар шаарларынан инвесторлор келип катышты.

Аталган бизнес-форумдун салтанаттуу ачылыш аземи борбордук “Эркиндик” аянтында облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын артисттеринин чакан концерттик программасы менен башталды. Андан кийин, бизнес-форумдун ишин КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жумагүл Эгамбердиева өзүнүн куттуктоо сөзү менен ачты.