Кытай үч мусулман өлкөсү менен террорчулукка каршы альянс түзүүдө
Кытай, Тажикстан, Пакистан жана Ооганстан терроризмге каршы күрөштү күчөтүү жана аймактагы туруктуулук үчүн коалиция түзө тургандыктарын билдиришти. Мындай чечим Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук облусунун Үрүмчү шаарында өткөн төрт өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башчылары катышкан кеңешменин жыйынтыгында кабыл алынды.
Кеңешме Кытайдын Элдик-боштондук армиясынын штаб башчысы, генерал-полковник Фан Фэнхуэянын жетекчилиги алдында өттү. Ага катышкан Тажикстандын, Пакистандын жана Ооганстандын куралдуу күчтөрүнүн штаб башчылары террорчулукка каршы альянс түзүү боюнча өз өкмөттөрүнүн идеясын колдой тургандыктарын билдиришти.
Буга чейин кытай аскер башчысы аталган өлкөлөрдө болуп, өлкө жетекчилери менен жолугушууларды өткөргөн.
Орусиялык аскер эксперти Александр Гольцтун пикиринде, мындай альянстын түзүлүшү Кытай саясатындагы маанилүү бурулуш болуп эсептелет. «Бул Кытай өзүнүн өзгөрүлбөс саясатынан четтеп жатканын түшүндүрөт, анткени буга чейин ал кайсыл бир аскердик союздарга кошулуудан качып келген», - деди ал.
Гольцтун пикиринде, эгер Кытай башында турган коалиция түзүлсө, анда Пекиндин аймактагы коопсуздукту камсыз кылууда башкы ролду алуу ниети бар экени жөнүндө айтууга болот. Бул албетте улуу держава катары таанылууну көздөгөн КЭРге чоң жоопкерчилик жүктөйт.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52