Назарбаев Жер кодексин өзгөртүүгө мораторий жарыялады
Казак президенти Нурсултан Назарбаев Жер кодексине өзгөртүү киргизүүгө 2017-жылга чейин мораторий жарыялады.
Мындан тышкары, улуттук экономика министри Ерболат Досаев отставкага кетип, айыл чарба министри Асылжан Мамытбеков сөгүш алды.
Өлкөдө кодексти өзгөртүүгө каршы массалык нааразылыктар 24-апрелден бери курчуган. Митингге чыккандар бийликке каршы чакырыктарды жасашкан. Алардын айрымдары кармалып, административдик жазага да тартылды.
Назарбаев алгач бул акцияларды кутумчул күчтөр уюштурганын билдирген. Бийликчил маалымат каражаттары "Батыштын колу бар" экенин жар салышкан.
Коңшу өлкөдө өзгөртүлгөн Жер кодекси 1-июлдан күчүнө кирмек. Бирок талаш маселелерден улам ал токтотулганын 5-майда мамлекет башчы билдирди.
Мурдараак жарандык активисттер 21-майда өлкө боюнча ири каршылык акциясы өтөрүн жарыялашкан эле.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53