Аскер лицейинин качып кеткен курсанттары кайра келишти
Суворов окуу жайы деген аталыш менен белгилүү Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин 70ке жакын курсанты 9-август күнү кечинде качып кетишкен. Бул маалыматты «Азаттыкка» качкан курсанттардын биринин туугандары ырасташты.
Аскер лицейинин өкүлдөрү ата-энелерге чалып, балдарды сурап, эгер курсанттар үйдө болсо аларды окуу жайга алып барууну өтүнүшкөн. Бирок балдардын үйдө болбогону айтылган. Андан соң курсанттардын өздөрү командирлерге чалып, 10-августта саат 16.00дө окуу жайга кайра бара тургандыктарын билдиришкен.
Кечээ курсанттардын, ата-энелердин жана лицей жетекчилигинин катышуусунда чогулуш болду. Курсанттар аларга жаман мамиле кылган офицерлердин бирине нааразылык көрсөтүү иретинде качууга барышып, анын жумуштан алынышын талап кылышкан.
Өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы курсанттардын качкандыгын четке кагууда. Мекеменин маалыматтык камсыздоо башкармалыгы өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына карата өтчү парадга даярдануу иш-чараларынан кийин командир курсанттарды эс алууга кое бергенин билдирди. Бирок казармага баары өз убагында кайтып барышкан эмес.
«Андай болбош керек болчу. Командир дароо үч бөлүктү жиберген, а негизи ар бирин кезек менен жөнөтүшү керек эле. Азыр курсанттардын баары ордуларында. Кызматтык тергөө жүрүп жатат», - деп билдирди Башкы штабдын басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









