Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында сел жүрүп, 1 турак-жай жараксыз абалга келген
Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагында 2016-жылдын 6-августунда саат 17:20 чамасында болгон мөндүр аралаш катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, натыйжасында Терек-Сай айылында сел сайлардан суу ашып жалпысынан 26 турак-жайдын огород участкаларын жана айланасын кум-шагыл каптап, анын ичинен 4 турак-жайдын ичине суу кирген. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Алынган маалыматка караганда, 4 турак-жайдын ичинен 1 турак-жай жараксыз абалга келип, 3 турак-жай көзөмөлгө коюлган. Райондук электр ишканасынына караштуу 2 даана мамычасы авариялык абалга келген. Чымканаев атындагы мектептин айланасы кум-шагалдарга толуп калган. Ошондой эле, айыл ичиндеги 8 чакырым ички чарбалык жол кум- шагалдарга толуп, каттого кыйынчылыктар жаралган жана Мырзабаев, Рудничная, Школьная көчөлөрүндөгү селканалдардан суулар ашып, кум-шагылга толгон.
№17 жол тейлөө ишканасына караштуу Терек-Сай-Ала-Бука унаа каттамынын Шалдыр участкасында сайлардан келген аска таштар сел өткөрүүчү курулмаларга батпай ашып, 100 метр аралыгы кум-шагалдарга толуп , жолдун бетин жууп кетип, жол каттамы 2-3 саатка жабылган. Кош көпүрөнүн сол түркүгүнүн бир жагын 1,5 метр жерин сел жеп кеткен. Көпүрөнүн абалы канаттандырарлык абалда.
Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын ыкчам тобу, райондук Жарандык коргонуу комиссия, КР ӨКМнин №79 өрт-куткатруу бөлүмүнөн 10 адам, «Эти Бакыр Терексай» ЖЧК 2 экскаватор, 1 жүктөгүч, 2 самосвал, «Евентус» ЖЧК 1 жүктөгүч, 1 самосвал, «Фулд Голд майнинг» ЖЧК 2 Хово, айыл аймагынан 1 экскаватор 1 КРАЗ самосвал жана жергиликтүү калктан 103 адам, райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунан 1 тез жардам унаасы менен 7 кызматкер жана орууларды алдын алуу жана МСЭК (санэпид) борборунан 4 кызматкер, райондук №17 жол тейлөө ишканасы тарабынан 1 грейдер жана Ала-Бука районунун №27 жол тейлөө ишканасы тарабынан 1 эксковатор тартылган.
“2016-жылдын 7-августунда жеринде тактоо иштерине, КР ӨКМнин Жалал-Абад Облустук башкармалыгынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу А.Т. Бекилов башында турган ыкчам топ райондук Жарандык коргонуу комиссиялары менен биргеликте тактоо иштерин жүргүзүшүүдө”, - деп билдирет басма сөз кызматы.
Айыл аймагы жана райондук Жарандык коргонуу кызматтары тарабынан сел калдыктарын тазалоо жана калыбына келтирүү иш-чаралары уюштурулуп, 9 турак-жайдын айланасы сел калдыктарынан жана 100 метр сел сайлары тазаланды. Жараксыз абалга келген 1 турак-жайдын жашоочулары туугандарынын үйүнө көчүрүлдү.
Райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун кызматкерлери тарабынан 137 адамды текшерилип, психологиялык жактан жардам көрсөтүлдү. Орууларды алдын алуу жана МСЭК (санэпид) борборунун кызматкерлери 26 турак-жайды кыдырып, залалсыздандыруу жумуштарын жүргүзүшүүдө.
Учурда райондук № 17 жол тейлөө ишканасына караштуу Терек-Сай-Ала-Бука унаа жолунун Шалдыр участкасында жолду жана 1 көпүрөнү калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05