KELECHEK
rek

Ашхабаддагы Түркмөн-түрк эл аралык университети ишмердүүлүгүн токтотту

Ашхабаддагы Түркмөн-түрк эл аралык университети ишмердүүлүгүн токтотту

Түркмөнстан президентинин атайын буйругуна ылайык, окуу жай жоюлуп, анын базасында Огузхан атындагы Технологиялык университет ачылды. Мындай кабарды «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Ашхабаддагы булагы билдирди.

Жоюлган университеттин студенттери өлкөдөгү башка окуу жайларга которулду. Азырынча окуу жайдын жабылышынын себептери белгисиз. Жыл сайын түркмөн-түрк университети 200дөн ашык кишини кабыл алып келген.

Университет 1993-жылы негизделип, ишин 1994-жылы баштаган. 2013-жылдын майында Түркмөнстан менен Түркиянын президенттеринин катышуусунда түркмөн-түрк университетинин 3 миң кишиге ылайыкташкан жаңы имаратынын курулушу башталган.

Ушул жылдын 16-июлга караган түнү Түркиядагы аскердик төңкөрүш жасоо аракетинен кийин өлкө президенти Реджеп Тайып Эрдоган козголоңду уюштурууга Фетхуллах Гүленди айыптаган. Ал 1999-жылдан бери АКШда качып жүргөн диний ишмер. 2016-жылдын майында Гүлендин «Хизмет» («Кызмат») кыймылы Түркияда террорчул уюм деп табылган.

Түрк бийлиги «Хизметтин» миллиондогон тарапташтары бар экенин жана дүйнөнүн 150 өлкөсүндө мектеп окуучуларын университеттерге даярдай турган миңге чукул окуу борборлоруна демөөрчүлүк кыла турганын билдирип келет. Түркия башка өлкөлөргө кайрылып, Гүленге байланышы бар окуу жайларды жабууга чакырган.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

АКШнын космостук кемеси Юпитердин орбитасына жетти

Юпитердин гравитация жана магниттик талааларын иликтеп, анын атмосферасына байкоо салган...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-07-05  23:34

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абадда “Жол кыймылынын жаш инспектору” аталыштагы кароо-сынак...

Жалал-Абад шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинде 29-апрель күнү жыл сайын өтүүчү “Жол кыймылынын жаш...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-02  12:13

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстанда балдар 6 жаштан мектепке бара баштайт

Казакстандын мектептеринде 12 жылдык окутуу программасына өтүү иши төрт жыл ичинде толугу менен...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-04  16:32

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Окуучулар арасында “Мээримдүүлүк түбөлүккө жашасын!” аталыштагы...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-07  15:23

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты

Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:16

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан: окуучулардын мечитке баруусуна тыюу салынды

Өзбекстан бийлиги ашкере исламдашуудан арылуу саясатынын негизинде каникул учурунда балдардын...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-11  17:26

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абаддагы Экономика жана ишкердик университетинде “Ачык эшик”...

Жалал-Абад шаарындагы Экономика  жана  ишкердик университетинде “Ар бир  кесип  ардактуу”...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2016-05-13  09:30