Көк-Жаңгак шаарынан жардыргыч зат жана баңгизат сактап жүргөн жаран кармалды
КР ИИМнин 10-башкы башкармалыгынын жана Жалал-Абад ОИИБнын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте алынган маалыматтын негизинде, 9-август күнү саат 10:00дөр чамасында Сузак районунун Көк-Жаңгак шаарчасынын түндүк тарабындагы мүрзөнүн ичинен болжол менен 300-350 грамм салмагындагы жардыргыч затын табышкан.
Аталган фактынын негизинде Сузак РИИБү тарабынан КР КЖКнин 241-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүү учурунда 2016-жылдын июнь айынын башында, Сузак районун Көк-Жаңгак шаарчасынын тургуну 58 жаштагы К.П. өзүнүн таанышы Сузак районун Көк-Жангак шаарчасынын тургуну 62 жаштагы А.М. аттуу адамдан РГД-5 үлгүсүндөгү 1 даана жардыруучу затын алып, мүрзөгө бекитип койгондугу аныкталган.
Жогорудагы фактынын негизинде Сузак районунун Көк-Жангак шаарчасынын тургуну А.М. аттуу адамдын үйүнө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, тинтүү учурунда үйүнүн короосунда жайгашкан сарайынын ичинде жашыруун түрдө 30 түп “Каннабис” өсүмдүгүн атайын өстүрүп жаткан. Кампасынан капсуласы жок 950 граммга жакын “Аманит” жардыруучу заты жана 12 даана атайын зымдары менен “Детонатордун” капсулалары далил буюм катары алынган.
“Кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Алынган далил буюмдарга тергөө бөлүмчөсү тарабынан экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө жана ыкчам иш-чаралар алып барылууда”, - деп билдирет Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05