Президент Иззат Артыковду телефон чалып куттуктап, башка спортчуларга дагы ийгилик каалады
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 10-августта Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан XXXI жайкы Олимп оюндарында коло медалды жеңип алган оор атлетчи Иззат Артыковду телефон аркылуу куттуктады. Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Алынган маалыматка караганда, өлкө башчысы Иззат Артыковдун коло медалы – бул бардык кыргызстандыктардын кубанычы, сыймыгы экенин белгиледи. “Бүгүн таң эртең менен миңдеген кыргызстандыктар Бразилиядан түз көрсөтүүлөргө тигилишип, сен үчүн күйүп-бышып, сени колдоп турушту! Сенин жеңишиң биздин өлкөбүз үчүн сыймыктануу сезимибизди толкутуп, жаштарыбыздын өз күчүнө ишенимин арттырат. Биз сен менен сыймыктанабыз», - деди Президент.
Президент Алмазбек Атамбаев оор атлетчи Иззат Артыковдун ийгилиги жакшы жөрөлгө болуп, Олимп оюндарына катышып жаткан кыргызстандык башка спортчуларды да шыктандырып, дүйнөнүн эң мыкты спортчусу болуп, медалдарды жеңип алууга белсентээрин белгиледи.
“Кыргызстан элинин атынан, сага зор бакыт-таалай, бекем ден соолук жана жаңы ийгиликтерди каалайм! Биздин бардык олимпиадачыларыбызга – ийгилик жана жеңиштерди каалайбыз! Өлкө силерди колдойт!”- деди Мамлекет башчысы.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жалал-Абад шаарында чемпиондорду салтанаттуу тосуп алышты
Жалал-Абад шаарынын “Курманбек баатыр” дарбазасында Жалал-Абад шаарынан барып, дүйнө чемпиону...
СПОРТ 2016-09-21 08:45
Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы ...
Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси...
СПОРТ 2016-09-21 08:52
Жалал-Абаддан барган балбан Тажикстанда өткөн мелдеште биринчиликти...
Үстүбзүздөгү жылдын 29-апрелинен 1-майга чейин Таджикстан Республикасынын Худжент шаарында спорттун самбо...
СПОРТ 2016-05-02 23:16
"Түнкү бөрүлөр” Европага кирип барышты
“Жеңиш жолу – Берлинге” аттуу мотожүрүшкө катышкан кремлчил “Түнкү бөрүлөр” клубунун...
СПОРТ 2016-05-04 16:08
Казак спортчуларынын канынан допинг табылды
Жыл башынан бери 18 казак спортчусунун канында допинг бар экендиги аныкталган. Алардын айрымдары...
СПОРТ 2016-05-05 10:08
Жалал-Абадда футзал боюнча республикалык кубок өтүп жатат
Жалал-Абад шаарындагы “Динамо” спорт ордосунда Кыргызстандын футзал боюнча Өлкө...
СПОРТ 2016-05-05 11:51
Жалал-Абад Динамо командасы футзал боюнча мелдеште “Өлкөнүн...
Футзал боюнча Кыргызстандын Супер лиганын жеңүүчүсү болгон SRT Ош командасын Жалал-Абад...
СПОРТ 2016-05-07 18:20