KELECHEK
rek

“Кыргыз Тянь-Банг” ЖЧКсу Жалал-Абад облусунда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү көздөп жатат

“Кыргыз Тянь-Банг” ЖЧКсу Жалал-Абад облусунда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү көздөп жатат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында “Кыргыз Тянь-Банг” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) өкүлдөрү облустагы жол курулушу жана тоо кен тармактарында иштеп жаткан атайын техникалар жана аларды тейлөө, запастык бөлүктөр менен камсыз кылуу боюнча тааныштыруу иш-чарасын (презентация) өткөрүштү.

Аталган иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер жана шаарлардын мэрлери, айыл өкмөт башчылары, жол тейлөө (ДЭП) ишканаларынын, жол курулушу жана тоо кен тармактарында иштеп жаткан компаниялардын жетекчилери катышты.

Жыйында Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов сөзгө чыкты. Ал өз сөзүндө бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусундагы курулуп жаткан чоң долбоорлордун бири Түндүк-Түштүк альтернатидик автожолу болуп, ал жерде иштеп жаткан атайын техникалар тууралуу жана облустун аймагындагы тоо кен тармактарындагы иштеп жаткан техникалардын абалы, аларды тейлөө, запастык бөлүктөр менен камсыз кылууда “Кыргыз Тянь-Банг” ЖЧКнун келечектеги иштери тууралуу кеңири токтолуп кетти.

Андан кийин, сөзгө аталган компаниянын укуктук маселелер боюнча өкүлү юрист Э.Арапбаев чыгып, компаниянын бүгүнкү күндөгү Кыргыз Республикасында жасап жаткан иштеринин укуктук нормалары жана мамлекет үчүн кошуп жаткан салымы тууралуу айтып берди.

Ал эми Үрүмчү шаарындагы КНР СУАР компаниясынын өкүлү Чжан Ли (Лариса) өз сөзүндө атайын техникалар жана запастык бөлүктөрдү керектелүүчү пункттарга чейин жеткирип берүү, тейлөө иштери тууралуу өз сунуштарын айтты.

Ошондой эле, жарыш сөзгө “Кыргыз Тянь-Банг” ЖЧКнун Генералдык директору Чень Сунн Уи чыгып, ал бүгүнкү күндө компаниянын Кыргызстан жана башка Европа өлккөлөрүндөгү жасап жаткан иштери, сервис кызмат көрсөтүү жагы жана келишимдер тууралуу айтып берди.

Сервис борбор жана запастык бөлүктөр, атайын техникалар менен камсыз кылуу боюнча “Кыргыз Тянь-Банг” ЖЧКнун директору Ву Сяо Хул мырзанын айтымында, бул компаниянын Кытай Эл Республикасында иштеп чыгарылып жаткан атайын техникалардын жол курулушунда жана тоо кен тармагындагы кызматтары жана аларды ремонттоо иштеринде сапаттуу сервистик кызмат көрсөтүү жаатында бир топ ийгиликтери бар.

Сөзгө чыкккан компаниянын соода жана запастык бөлүктөрдү жеткизип берүү боюнча өкүлү Абди-Аким Кушбаков компаниянын кызмат көрсөтүү боюнча өз сунуштарын айтты.

Көтөрүлүп жаткан маселе боюнча райондордун акимдери жана айыл өкмөт башчылары сөз алып, өз пикирлерин жана сунуштарын билдиришти жана компания өкүлдөрүнө суроолор берилди. Берилген суроолорго компаниянын өүлдөрү тарабынан тиешелүү жооптор алынды.

Жыйында өкүлчүлүктүн агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу  секторунун башчысы Нурбек Дженалиев чыгып, жыйындын катышуучуларынын атынан “Кыргыз Тянь-Банг” ЖЧКнун коллективине жасаган презентациясы үчүн ыраазычылык билдирди.

Акырында жыйынга активдүү катышкандарга компания өкүлдөрү тарабынан ар түрдүү белектер берилди.

Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13