KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында ар кайсы ооруга чалдыккандардын саны азайды

Жалал-Абад шаарында ар кайсы ооруга чалдыккандардын саны азайды

Жалал-Абад шаарынын тургундарынын арасында ар кайсы ооруларга чалдыккандардын саны 2016-жылы өткөн жылга салыштырмалуу кыйла аз. Бул тууралуу облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Хадича Пратова билдирди.

Анын айтмында, 2016-жылдын 6 айы ичинде 48 адамда биринчи жолу кургак учук оорусуна кабылганы аныкталган, анын ичинен балдардын саны жети. Былтыркы 2015-жылы алты айда мындай 3 факты катталган. Флюрографиялык текшерүүдөн өткөн калктын саны 6839 болуп, 95,2 пайызды түздү.

Адамдардын иммундук таңкыстык инфекциясы боюнча 1719 адам текшерилсе, анын ичинен 1710у кош бойлуу аялдар болду. Нптыйжада, бул ооруга чалдыккан 4 адам табылган. Жүрөк-кан тамыр ооруулары менен ооруган бейтаптарга сапаттуу жардам көрсөтүлүп жаткандыгы боюнча мониторинг жүргүзүлгөн, инсульт формасынан жабыркагандар 2015-жылы 2 оорулуу болсо, 2016-жылы мындай учур катталган жок. Ал эми инфарктка былтыр 2 оорулуу дуушар болсо, быйыл 1 оорулуу чалдыккан. Айрыкча энелердин жана балдардын саламаттыгын козөмөлгө алуу күчөтүлгөн. 

- Кан басымы жогору бейтаптардын саны 2015-жылы 1067 болсо, 2016-жылы 1033 болду, анын ичинен биринчи жолу катталганы былтыр 96 болсо, быйыл 65и катталды. Быйылкы 6 ай ичинде энелердин өлүмү катталбады. Балдардын өлүмүн алдын алуу боюнча да штаб түзүлгөн, Өткөн жылдын 6 айында 15 бала каза болуп, көрсөткүчү 13,7 болгон болсо, 2016-жылдын 6 айында 10 бала каза болуп, көрсөткүчү 8,6 болду. Башкача айтканда, көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 5,1ге азайды, -дейт ал. 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38