KELECHEK
rek

Жалал-Абаддык өнөрпоздор көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп жатышат

Жалал-Абаддык өнөрпоздор көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп жатышат

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө өтүүчү экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында  Жалал-Абад облустук Барпы атындагы драма театрынын жана Токтосун Тыныбеков атындагы филармониясынын үч өнөрпоздорунун катышуусунда  “Курманбек баатырдын эрдиктери” аттуу спектаклден үзүндү аткарышмакчы.

Маданият министрлигинин алдында түзүлгөн көчмөндөр оюндарын өткөрүү жана  уюштуруу иштери боюнча  кординатору  Зарылбек Молдобакировдун айтуусунда, азыркы учурда жакындап келе жаткан бул чоң фестивалга карата облустардагы  маданият кызматкерлеринин даярдыктары көздөн өткөрүлүүдө.

Азыркы тапта сектаклден үзүндүнү Барпы драма театрынын режиссёру Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Бакыт Жумалиев сахналаштырууда.

- Аталган спектаклди биз көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө көрүүчүлөргө тартууламакчыбыз. Мында негизинен Курманбек баатырдын эрдиги, эли-жери үчүн жанын аябаган образы чагылдырылат. Андан тышкары, оюндардын жүрүшүндө биздин актёрлор тарабынан нукура кыргыз баалуулугу болгон кыз узатуу  сыяктуу салттар сахналаштырылып көрсөтүлмөкчү. Учурда чыгармачылык топ ага карата кызуу даярдыкта, - дейт З.Молдобакиров. 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29