Өзбекстандын тергөө абагында уурулукка шектелген кыз асынып алган
Өзбекстанда 19 жаштагы Севара Алматова Жизак облустук ИИБсинин тергөө абагында асынып алган жеринен табылды. Окуя 4-августта, кыз кармалган күндүн эртеси болгон. Анын туугандарынын айтымында, маркум абактагы кыйноолор жана физикалык зомбулуктардан улам өз жанын кыйган.
Учурда Жизак прокуратурасы бул факты боюнча тергөө жүргүзүүдө. Севара Алматованын туугандарынын бири кыз тергөө абагындагы зордуктоодон улам өз жанын кыйганын билдирди. Маркумдун сөөгү жакындарына берилгенден кийин алар анын денесиндеги көгөргөн жерлерди көрүшкөн.
Бирок Жизактын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бул маалыматты четке кагып жатышат. Алардын маалыматы боюнча Севара Алматова кийим уурдоого шектелип 3-августта кармалган.
– Ал тергөө абагынын камерасында шымынан түймөк жасап асынып алган. Анын муунуп өлгөнү тууралуу кабарлоодон мурун бардык шашылыш медициналык чаралар көрүлдү, – деп билдирди өз булак.
Севара Алматова турмушка чыга элек болчу. Анын туугандары кыз базарда кошумча иштеп акча тапканын, эч кандай психикалык оорулардын белгилери болбогонун билдиришүүдө. БУУнун кыйноолорго каршы комитетинин маалыматы боюнча Өзбекстан абактарында зордук-зомбулук көрсөтүү ырааттуу мүнөзгө ээ.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05