KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарында жүк ташуучу автоунааларга рейд жүргүзүлдү

Жалал-Абад шаарында жүк ташуучу автоунааларга рейд жүргүзүлдү

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтери шаарда жүк ташуучу жеке менчик автоунаалар менен ишкердик жүргүзгөндөр тарабынан салык мыйзамдарынын сакталышы боюнча рейд уюштурду. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын жергиликтүү экономикалык бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Анын айтымында, буга Жалал-Абад шаардык мамлекеттик салык башкармалыгы тарабынан өткөн жети айдын жыйынтыгында патенттен алынуучу салык пландагыдан 686 миң сомго аз жыйналганы себеп болду. Шаардагы жеке ишкердик менен алектенген жүк ташуучу унаа ээлеринин бир топ бөлүгү патент салыгын төлөөнү унутуп, ишкердикти мыйзамсыз жүргүзүп жатышат. Ошонун негизинде Жалал-Абад шаарынын мэриясынан атайын комиссия курамы түзүлүп, рейд өткөрүлдү. Комиссия курамына Жалал-Абад облустук патрулдук милициясынан, шаардык салык кызматынан жана шаар мэриясынан адистер кирген.

- Комиссия тарабынан рейд учурунда жүк ташуучу автоунаалардын ээлеринин патенттери текшерилди жана аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Рейддин башталышында эле 40тан ашуун жүк ташуучу унаалар текшерүүгө алынып, алардын арасынан бирөөндө гана патент бар экендиги, калган автоунаалардын ээлеринин патентинин мөөнөтү өтүп кеткендиги аныкталды. Деген менен, шаарыбыздын тургундарынын муктаждыктары үчүн көптөгөн иштер аткарылышы керек. Аны үчүн бюджетибиз да толушу зарыл, - дейт С.Умаров.

Алынган маалыматка караганда, ушундай эле рейддер жеңил автоунаалар боюнча да жүргүзүлөт. Себеби, шаарда жеке менчик такси кызматы өнүккөн, бирок патентти баары эле ала беришпейт.  

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38