Падыша-Атанын тарыхы жана анын азыркы абалы
"Арстанбап "жоопкерчилиги чектелген коомунун Президенти Эркин ажы Бегимкуловдун айтымында, уламышта Падыша-Ата, Пачата деген сөздүн мааниси эл арасында ар түрдүү айтылып келет. Мурунку замандарда падышалардын туурадан-туура согушка кирүүгө уруксат берилген эмес. Бирок Падыша Шах Жарир аскерлери менен согушка аттанууну чечип, Шахтык мансапты өзү менен кошо келген улуу-аксакал сахабалардын бирине тапшырган. Ошол аксакалды «Падыш Ата» - деп наам берип, аташкан дешет.
Аксы, Ала-Бука тарабында жайгашкан Падыша-Ата, Тоскоол-Ата кыргын учурунда Шах Жарир жана анын аскерлери, ар кандай кырдаалдарда тоолорго көчүп, жан сакташкан. Көз жумгандарын өлгөн эле жеринде жашырышкан - деп айтышат.
Аксы районунун Падыша ата деген арча карагайлуу капчыгайындагы «Падыша-Ата» мавзолейинин курулушу 1998-жылы аяктаган. Бизге жеткен маалыматгар боюнча Падыша-Ата дагы Ислам дүйнөсүнө Саид Камалиддин Салмони Фарси деген ат менен белгилүү болгон. Айтымда ал инсан Мухаммад (с.а.в.) пайгамбардан жана анын чарярларүшан (Абу Бакир Садык, Умар, Усман, Али) кийин эле ошол кезде учүнчү даражада болуп турган.
Ал өзү Ирандын Исфахан деген шаарьшан чыккан. Мухаммад (с.а.в.) пайгамбардын башкы кеңешчилеринин бири болгон. Куранды эң алгач фарси тилине которгон. Анткени Падыша-Ата деген жазуусу бар Арканын астында туруп, суунун аркы өйүзүндө 50 метр аралыкта сол жактагы чоң тоонун боорунда чоң жалпак ташта «Аллах» деген арабча жазуу даана окулат.
Ошондой эле, Падыша-Ата өрөөнүнүн айланасында жыш жайгашкан арчалар көз жоосун алат. Тоону курчап. өз кучагына алган жерди "Арчалуу тоо" - деп аташат.
Бул жерден 1700-1800 метр аралыкта алыстыкта тоо тараптан караганда ортодо Кашка-Суу дарыясы көрүнөт. Экологоялык таза абасы, таза чөп-чарларды жеген бээнин кымызы адамдын ден соолугуна чоң таасирин тийгизет.
Кыргыз калкы Алмуздактан бери ыйманга көңүл буруп, «Кудай, Кудай» - деп, тообо кылышып, тилек айтышып, эхсан кылышып, касиеттүү жерлерди зыярат кыльп келишкен. Анткени, Пайгамбарыбыз с.а.в. "Кабырларды зыярат кылгыла, себеби ал акыретти эстетет" - деп хадисинде белгилеген (Имам Муслимден).
Жогоруда аталган жерге «Арстанбап» коому тарабынан «Падыша-Атанын» мавзолей-күмбөзү курулуп, зыяратчылар жана туристтер үчүн атайын шарттар түзүлгөн. Мына ушундай ыйык жерлерге зыяратчыларды, турист - эс алуучуларды тартуу, бул тарыхый-архитектуралык эстеликтерди калкты, айрыкча жаштардын руханий байлыгын тазартып, туура тарбиялоого шарт түзөт.
Анархан Жаңыбаева, "kogart.kg".
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Улуулардын эрдигин унутпайлы!
Өткөн кылымдын эң оорчундуу окуясы болгон 1941-1945-жылдардагы Улуу-Ата мекендик согушка Кыргызстандан 363 миң...
ТАРЫХ 2016-05-09 00:45
Жалал-Абад шаарындагы Т.Кошматов атындагы мектебинде тарых жана...
Жалал-Абад шаарындагы Тойгонбай Кошматов атындагы №10 мектеп-гимназиясынын мугалимдери жана...
ТАРЫХ 2016-05-13 11:43
Чаткалдагы Ыдырыс— Ата тарыхый комплекси
Чаткал районунун Жаңы-Базар айылындагы Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинде «2016-жыл – Тарых жана...
ТАРЫХ 2016-06-23 17:49
Индияда Манастын айкели орнотулат
Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен...
ТАРЫХ 2016-06-30 10:55
Түрк тилдүү өлкөлөр лавашты орток маданий мурас деп эсептөөдө
Азербайжан, Иран, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия лаваш ЮНЕСКОнун...
ТАРЫХ 2016-07-11 18:07
Шахрисабз шаарынын тарыхый бөлүгү жок болуп кетчү объекттер...
Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк мурастар боюнча...
ТАРЫХ 2016-07-15 13:50
Жалал-Абад курорту
Жалал-Абад Курорту - бальнеологиялык дары баткактуу жана климаттык курорт. Жалал-Абад...
ТАРЫХ 2016-08-06 00:13