БУУ: Украинанын чыгышындагы кагылышуудан каза болгондор кескин көбөйдү
Украинанын чыгышында болуп жаткан кагылышуудан каза тапкан жай тургундардын саны жайында кескин өсүп кетти. Июлда курман болгондордун жана жаракат алгандардын саны былтыркы жылдын августунан бери эң көп болду. Бул тууралуу БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Зейд Раад аль-Хусейн билдирди.
Уюмдун маалыматы боюнча июнда Украинанын чыгышында 12 жай тургун мерт кетип, дагы 57си жарадар болду. Июлда кагылышуу 8 адамдын өмүрүн алса, 65 киши жаракаттарды алды. 2014-жылдын апрелинен тарта Донбасста 9500дөй адам өлүмгө учурады. Алардын эки жарым миңи – жай жашоочулар. Курман болгондордун көпчүлүгү артиллериядан өлтүрүлгөн. Замбиректерди колдонууга 2014-жылдын сентябрында кабыл алынган Минск келишиминде тыюу салынган болчу.
Эки жума мурун БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Башкармалыгы өз баяндамасын жарыялап, жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарда адамдар жоголуп жана каза болуп жаткан учурларды белгилеген. Документте айтылгандай, бул учурлардын көпчүлүгү аскерий кылмыш катары бааланышы мүмкүн.
Донбасстагы араздашуу 2014-жылдын жазында Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин башталган. Киев жана Батыш өлкөлөрү жикчилдерге куралдан көмөк көрсөтүүдө деп Орусияны айыптап келет. Кремль болсо бул дооматтарды четке кагууда.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...
Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-09-21 09:26
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05