Жалал-Абадда КР Улуттук Кызыл Ай коому өзүнүн 90 жылдык майрамын белгилешти
Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарынын Барпы театрынын алдында КР Улуттук Кызыл Ай коомунун облустагы өкүлчүлүгү өздөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгана карата студенттердин жана мектеп окуучуларынын катышуусунда атайын иш-чара өткөрүшүп, анда коом менен тыгыз кызматташтыкта иштегендерге белектер, дипломдор тапшырылды.
КР Улуттук Кызыл Ай коомунун Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча координатору Каныбек Кудайбердиевдин айтымында, Эл аралык “Кызыл крест” уюму женевалык ишкер, соодагер Анри Дюнан тарабынан 1863-жылы 8-майда уюштурулган. Кыймылдын түзүлгөн күнүнө карата ыктыярчылар менен мектеп окуучуларынын арасында асфалтка сүрөт тартуу сынагы жана дарыгерлер, диний чөйрөнүн, ар улуттун өкүлдөрүнөн түзүлгөн командалар арасында футбол боюнча спорттук мелдеш өткөрүлөт.
Швейцариялык соодагер Анри Дюнан 1859-жылдын июнунда Франциянын императору Напалеон-3кө жолугушуу үчүн баратып, Түндүк Италияны басып өткөндөн кийин, француз жана австралиялык жоокерлердин салгылашуусуна дуушар болуп, ал согуш талаасында өлүм менен өмүр ортосунда жаткан жарадарларга жардам берүү үчүн ошол жердеги чиркөөгө убактылуу госпитал түзүп, ага жергиликтүү эл да жардам берген. Швейцарияга кайтып келгенден кийин Э.Дюнандын бул окуя боюнча “Санферино жөнүндө эскерүү” деген китеби 1862-жылы чыккан, ал согуш учурунда жоокерлерле жардам берүү боюнча бейтарап уюм түзүүнү сунуштаган.
“Уюм саламаттыкты сактоо, социалдык кароо, өзгөчө кырдаалды башкаруу, уюштуруу тармагын өнүктүрүү багытында иш алып барат. Кыргызстанда биринчи жолу коомдук бирикме катары 1926-жылы Кыргыз АССРнин Кызыл Чырым Коому болуп түзүлгөн. !992-жылдан тартып Кыргыз Респубуликасында жалгыз, көз карандысыз, гуманитардык, ошону менен бирге эң байыркы бейөкмөт уюм болуп саналат. Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо тармактарында иш алып барат. Негиздөөчү принциптери: ыктыярдуулук, көз карандысыздык, бейтараптуулук, гумандуулук, ар таратуулук, биримдик, калыстык болуп саналат”, - дейт К.Кудайбердиев.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Жарандык коом ТИМдин ишин сындады
Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...
КООМ 2016-04-27 10:01
Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат
Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...
КООМ 2016-07-15 18:08
Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...
Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...
КООМ 2016-05-02 23:28
Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...
Үстүбүздөгү жылдын 30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...
КООМ 2016-05-03 00:53
«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...
«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...
КООМ 2016-05-03 01:52
Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда
Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...
КООМ 2016-05-04 16:00
Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда
Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...
КООМ 2016-05-04 16:13