АКШ өзөктүк куралын жаңылатат
2020-жылы Америка Кошмо Штаттары жаңылатылган B61-12 өзөктүк бомбасынын алгачкы үлгүсүн чыгарууну көздөөдө. “Америка үнүнүн” орус кызматы билдиргендей, 12-модификациядагы бомба кеминде дагы 20 жыл иштеп бере алат.
АКШнын өзөктүк коопсуздук боюнча улуттук башкармалыгы В61-12 куралынын иштөө мөөнөтүн узартуу боюнча программанын инженердик жумуштары башталышын колдоого алды. Өндүрүш башталганган чейинки бул акыркы этапка төрт жылдык изилдөөлөр алып келди. Алгачкы курал 2020-жылы чыгарылат деп күтүлөт. Программага ылайык, бомбанын иштөө мөөнөтүн узартып, коопсуздук жана ишенимдүүлүгүн арттыруу үчүн куралдын өзөктүк жана өзөктүк эмес бөлүктөрү кайра иштетилет.
Башкармалыктын жетекчиси Франк Клоцтун айтымында, учурда иштеп жаткан В61 үлгүсүндө америкалыктардын арсеналындагы эң эски бөлүктөр колдонулат. “Куралдын иштөө мөөнөтүн узартуу боюнча мындай программалар президент Обаманын буйругун аткарат. Ал арсеналды кыскартуу менен катар коопсуз, ишенимдүү жана натыйжалуу өзөктүк куралды колдоп турууну тапшырган”, - деп АКШнын энергетика министри Эрнест Мониз билдирди.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52
«Аль-Каида» талиптердин Кабул менен күрөшүн колдойт
«Аль-Каида» Ооганстан өкмөттук күчтөрүнө каршы талиптердин иш-аракеттерине көмөк кылышы мүмкүн....
ДҮЙНӨ 2016-05-06 17:52
Тажикстан дүйнөлүк коомчулуктун алдында отчет берет
Тажикстандын юстиция министри Рустам Шохмуродов жетектеген өкмөттүк делегация бүгүн БУУнун Адам...
ДҮЙНӨ 2016-05-06 18:02









