Сирияда өлгөн орус аскерлеринин саны 19га жетиши ыктымал
Сириянын Идлиб аймагында орусиялык Ми-8 тик учагы атып түшүрүлдү. Орусиянын Коргоо министрлиги берген алдын ала маалымат боюнча ичиндеги беш аскер каза тапты. Муну менен Сирияда курман болгон орусиялык аскерлердин саны 19га жетиши мүмкүн.
Идлибди дээрлик толугу менен Башар Асадга каршы согушуп жаткан оппозициялык исламчылар көзөмөлдөп турат. Алардын арасында “Аль-Каидадан” бөлүнүп чыгып, буга чейин “Ан-Нусра” деп аталып келген “Фатх аш-Шам фронту” дагы бар. Тик учакты согушуп жаткан тараптардын кайсынысы түшүргөнү аныктала элек.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча Латакиядагы Хмеймим базасына кайтып бара жаткан транспорттук тик учак атып түшүрүлгөн. Ал Алеппо шаарына гуманитардык жардам жеткирип барган эле. Бул калаада эки күндөн бери куралдуу оппозиция орус аба күчтөрү жардам берип жаткан өкмөт аскерлерине чабуул жасоодо.
Сириялык укук коргоочулар жана жергиликтүү жашоочулар буга чейин орус тарапты Алепподогу жай тургундар жашаган кварталдарга чабуул жасап жатат деп айыптап келген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...
Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...
ДҮЙНӨ 2016-07-15 18:14
БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды
Дүйшөмбүдө автоколоннага...
ДҮЙНӨ 2016-09-21 09:36
VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...
VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...
ДҮЙНӨ 2016-05-02 23:03
Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат
БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 15:45
НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо
АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:06
Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады
Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...
ДҮЙНӨ 2016-05-04 16:46
АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду
Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...
ДҮЙНӨ 2016-05-05 16:52