ЕККУ Армения бийлигин журналисттерди коргоого чакырды
Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндик маселелери боюнча өкүлү Дунья Миятович Армения бийлигин журналисттердин коопсуздугун камсыз кылууга жана аларды полициядан жана криминалдан коргой турган чараларды көрсөтүп берүүгө чакырды.
Бул боюнча Миятовичтин Армениянын тышкы иштер министри Эдвард Налбандянга багытталган кайрылуусунда айтылат. “Полиция журналисттерди жана ЖМК өкүлдөрүн коргошу керек”, - деп билдирди Миятович.
30-июлда Ереванда кагылышуулар болуп, 15 журналист жабыркаган. Алардын арасында "Азаттыктын” армян кызматынын кабарчысы дагы бар болчу. Митингге чыккандарды таркатып жатканда журналисттерге жыгач жана темир көтөргөн жөнөкөй кийимчен адамдар кол салган. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Том Кент пресса кызматкерлерине зомбулук көрсөтүлгөнүн сынга алды. Ал полиция журналисттердин коопсуздугун камсыз кылып берет деген үмүтүн билдирди.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









