Жалал-Абад шаарынын өрткө каршы кызматы Сузак районуна жардам беришти
Жалал-Абад шаарынын өрткө каршы кызматынын эмгек жамааты кошуна турган Сузак районундагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн аймагындагы суу каптоо коркунучунда калган жарандарга жардам беришти. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кубанычбек Токтосунов билдирди.
Анын айтымында, мындан бир нече күн мурда Кара-Дарыя суусуна курулган дамбанын оң жэгиндеги 15 метр аралыгын суу жеп кеткендиктен, айыл калкынын үлүштүк жери эсептелген 6 гектар күрүч аянттарын суу каптаган. Андан ары сууга жакын жайгашкан Бостон участкасында турак жайларды каптап кетүү коркунучун келтирген.
Абалды ыкчам жөнгө салуу үчүн Жалал-Абад шаардык өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн №20 аскерлешкен өрткө каршы бөлүгү менен №58 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн 1 авариялык куткаруу автоунаасы жана 45 кызматкер кырсык катталган аймакка барышкан. Ал жерде мүшөктөрдү шагыл менен толтуруп, сууга бөгөт коюу менен айылды суу каптоо коркунучун жоюу иштерине катышышкан.
- Биздин кызматкерлер калкты бир гана өрт кырсыктарынан сактап калбастан, ар кандай өзгөчө кырдаалдар убагында жакындан жардам көрсөтүп келет. Буга чейин да ушундай болуп келген, эми да биз тезинен жардам керек болгон жерге барып, кол кабыш кыла бермекчибиз, - дейт К. Токтосунов.
Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынын жетекчилери кошуна Жалал-Абад шаарынын өрткө каршы кызматынын активдүү жардамына ыраазылык билдиришти.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды
Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 11:13
Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн
Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-02 23:58
Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды
Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 16:12
Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...
КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-04 20:01
“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды
Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 08:38
Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды
Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 10:05
Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол...
КЫЛМЫШ ЖАНА КЫРСЫК 2016-05-05 16:56