Жалал-Абад шаарында «Диабетсиз балалык» ресурстук борбору өз ишин баштады (ФОТО)
Өткөн жума соңунда 28-июлда Жалал-Абад шаарында “Диабетсиз балалык” коомдук бирикмесинин жардамы менен “Биздин балдарга – татыктуу жашоо” долбоорунун алкагында ресурстук борбор ачылды.
Бишкек шаарындагы “Диабетсиз балалык” КБнин директору Нуркан Жумабаеванын берген маалыматына караганда, акыркы жылдарда жаш балдар жана өспүрүмдөр арасында кант диабетине чалдыккандардын саны көбөйүүдө. Ошол себептен, 2016-2018-жылдарга карата мамлекетибизде “Балдардын келечеги кең болсун” деген ураан балдарыбыздын алдыга койгон максатын ишке ашырууга жакшы шарт түзүп берет.
Буга чейин “Диабетсиз балалык” КБнин иши Бишкек жана Чүй облусунда гана иштеп келген болсо, эми Жалал-Абад облусунда өз ишин баштады. Ресурстук борбордун максаты – кант диабети менен ооруган балдар, жаш өспүрүмдөр бул жерге келип билимдерин өркүндөтүү менен, ата-энелери бул оору жөнүндө маалыматтарды бекер алышат. Бул ооруга каршы күрөшүү боюнча адистер кеңештерин беришет. Ал эми ата-энелер кант диабети менен ооруган балдарын коомдон ажыратпай тарбиялоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт.
- Кыргызстан боюнча 336 бала (14 жашка чейинки) кант диабети менен ооруйт экен. Бул КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин бизге берген маалыматы боюнча. Биздин коомдук уюм 4 жылдын бери ачылып иштеп жатат. Менин кызым 2 жаштан кант диабети менен ооруп калгандыктан, аны бала бакчага бер албай көп кыйналдым. Өзүм ишкер болуп иштеп, Кытайдан, Түркиядан люстра алып келип сатып жүрүп, кызымдын ооруп калганына аябай күнөөлүү сезгемин. Өзүм карабай, нянкаларга берип коюп, ошондон ооруп калды деп ойлоп, 2-3 жыл өзүмдү аябай күнөөлөп жүргөмүн. Бир жасаган күнөөм үчүн менин балам ушул ооруга чалдыкты деп ойлогомун. Менде туура эмес ойлор көп болгон. Биринчи кызым ооруганда жолдошум менен аябай урушуп жүргөнбүз. Кызым ооруп жатат деп, үйдөгү башка мүчөлөргө аябай жаман мамиле жасап, өзүмө боор ооруп, балама боор оруп калгамын. Мен 6 айга чейин кант диабети боюнча маалыматым болбой, жашоо үчүн күрөшүүнү мага эч ким үйрөткөн эмес. Он күн ооруканага жаттык да, анан биз чыккандан кийин психологдор кандай жардам берүүсү керектигин бизге эч ким айткан жок. Бул ооруну көтөрө алган адам көтөрөт экен, көтөрө албаган адам көтөрө албайт тура. Мен үчүн абдан чоң сыноо болду, - дейт Н.Жумабаева.
Акыры бир күнү Н.Жумабаева өзүн колго алып, кызынын келечеги үчүн күрөшүүнү баштаган. Кызын бала бакчаларга албай койгондон кийин, кант диабети менен ооруган балдардын ата-энелери менен таанышып, алар менен чогуу мындан 3 жыл мурун бала бакчаны ачышат. Азыркы учурда кант диабети менен ооруган балдардын бала бакчасы дүйнө жүзү боюнча жалгыз гана Бишкекте бар. Бала бакчада бир күндө 7 жолу балдардын кантын текшерип турушат. Тамактары атайын кант диабети менен ооруган балдарга ылайыкталып өлчөм менен берилет. Бала бакчада ар кандай майрамдарга карата кечелер өткөрүлүп турат. Ага балдардын ата-энелери активдүү катышышат. Бала бакчанын ата-энелер комитети бар. Алар бардык маселелерди убагында чечип, бала бакчанын ишине жакындан жардам беришет. Бала бакча Бишкекте өткөн конкурстарга такай катышып, “Жылдын мыкты бала бакчасы” деп аталып келе жатат.
Жалал-Абад облусунун башкы эндокринологу Эркинбек Салиевдин сөзүнө караганда, кант диабети менен 1 жаштан ооруган балдар бар. Бул оору менен деле турмуш куруп жашап жүрүшөт. Дүйнө жүзүнө белгилүү футболист Пеле деле кант диабети менен ооруп, футболодо көптөгөн ийгиликтерге жетишип келе жатат. Кант диабети менен ооругандар бир күндө 7 жолу кантын текшерип турушу керек. Азыркы учурда атайын шприц ручкалары бар. Ал ручкаларды алып, бузулуп калса, убагында дарыгерлерге билдирип туруулары зарыл.
Жалал-Абадда ачылган ресурстук борборго кант диабети менен ооруган балдар, өспүрүмдөр, чоң адамдар деле келип, бул оору жөнүндө маалыматтарды алып, кантип өзүн алып жүрүүсү боюнча адистерден кеңеш алып турушса болот. Кант диабети менен ооруган балдарга шарттар түзүлүшү керек деп социалдык кызматкерлерге, милиция кызматкерлерине семинарлар өткөрүлүп жатат.
“Кант диабети – бул окуп үйрөнө турган оору. Ошол себептен, ата-энелер балдары кант диабети менен ооруп калса, сөзсүз түрдө бул оору жөнүндө маалыматтарды алып, баланын сакайып кетиши үчүн жакындан жардам бериши керек. Бала окуудан сырткары, ар кандай кружокторго катышып, өзүн алаксытып, коомдон ажырып калбашы үчүн аларга ар тараптуу билим керек болот. Биз Жалал-Абад облусунун бардык район-шаарларында болуп, ошол жерде кант диабети менен ооруп жаткан балрдарга жакындан жардам берсек дейбиз. Ата-энелер кант диабети менен ооруп калган балдарына мыйзамда каралган жеңилдиктерди алууну да билишпейт. Мунун баарын биз жер-жеринде түшүндүрүп айтып берүүнү колго алып, семинарларды өткөрөбүз”, - дейт “Диабетсиз балалык” КБнин директору Н.Жумабаева.
Анархан Жаңыбаева, “kogart.kg”
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды
Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...
ДЕН СООЛУК 2016-09-20 08:36
Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт
Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...
ДЕН СООЛУК 2016-05-04 16:35
Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...
Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...
ДЕН СООЛУК 2016-05-13 05:53
Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда
Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:06
Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды
Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...
ДЕН СООЛУК 2016-05-30 16:24
Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан
Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 02:22
Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Улуттук онкология...
ДЕН СООЛУК 2016-06-01 03:38