Лондон соту Максим Бакиевди актады
Британиялык ишкер Шон Дейлинин Кыргызстандын мурдагы президентинин уулу Максим Бакиевдин үстүнөн жазган доо арызы канааттандырылган жок. Бул тууралуу Oxford Times гезити жазды.
Шон Дейли 2006-жылы Oxus Gold компаниясында иштеп жүргөндө Бишкекте ага ок тийип, үч ай ооруканада жатып чыккан. Дейлинин арызын Британ соту карап чыккандан кийин Максим Бакиевдин бул кылмышка аралашканына далил жок деп таап, аны актады.
2006-жылы баш кеңсеси Лондондо жайгашкан "Оксус" компаниясынын өкүлү Шон Дейлинин өмүрүнө кол салуу болгон. 2014-жылы Кыргызстандын соту мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын улуу баласы Марат Бакиев Дейлиге кол салууну уюштурган деп таап, сыртынан 20 жылга эркинен ажырткан өкүм чыгарган. Ал эми Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев жана экс-президенттин кичүү уулу Максим Бакиев үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына чегерүү менен өмүрүнүн аягына чейин сыртынан кесилген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды
Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...
УКУК 2016-07-05 23:25
Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды
Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...
УКУК 2016-07-05 23:39
УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес
Атайын кызмат Убактылуу өкмөт...
УКУК 2016-09-21 10:11
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53









